Жалал-Абад: Тез татымдан уулангандардын саны 35ке жетти, жаңы жагдайлар айтылды

Жалал-Абад шаарындагы тез татымдан уулангандардын саны 35ке жетти. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар «Ага-ини» тез татымынан ууланганы белгилүү болду. Аталган жайдын ишмердүүлүгү токтотулуп, 7,5 миң сом айып салынды.

Учурда 23 бейтап ооруканада жатат. Ал эми 10 бейтап үй шартында дарыланууда.

Облустук ооруканын жетекчиси Кумарбек Ботокараев «Клоопко» бейтаптардын абалы орто экенин билдирди. Ал эми уулангандардын арасындагы кош бойлуу аял жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатат.

«Бейтаптар кусуп, ичи өтүп, башы айланып келишкен. Кечээ күнү түшкөндөрдүн бүгүнкү күндө абалдары жакшы. Алардын ичинен эң кичүүсү 1 жашта, эң улуусу 59 жашта», — деди ал.

Аталган факты боюнча тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Буга чейин Бишкек шаарында да тез татымдан массалык уулануу катталган.

11 адам калаадагы «Эл эмне жейт» тез татым түйүнүнөн шаурма жеген.

Мындан улам аталган түйүнгө пландалбаган текшерүү жүргүзүлүп, тамактануучу жайдын ээсине 13 миң сом айып салынган. Ошондой эле бузууларды жоюу үчүн санитардык көрсөтмө берилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абадда шаурма жеген 22 адам уулануу белгилери менен ооруканага түштү

Бишкек: «Эл эмне жейт» тез татым түйүнүнөн тамактанган 11 киши ууланганы айтылды