Ош облусундагы Ноокат шаарында 17 жаштагы кыз асынган абалда табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-июнда саат 16:10до Ноокат РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө аймактык ооруканадан кабар келген. Анда 17 жаштагы өспүрүмдүн сөөгүн жакындары ооруканага алып келгени айтылган.
Аталган маалымат Ноокат РИИБге катталып, териштирүү башталган. Милициядан ыкчам тергөө тобу жерине барганда «кыз өз үйүндө асынып каза болгону аныкталганын» айтышты.
Ошондой эле ага сырттан кароо жүргүзүлгөндө денесинде «эч кандай жараат аныкталган эмес». Ал эми ата-энеси сөөктү экспертизага берүүдөн баш тарткан.
Үстүбүздөгү жылдын 23-майында Ноокат районундагы Гулистан айылында 15 жаштагы кыз өз үйүнөн асынган абалда табылган.
ОИИБден кыз «асынганга чейин кат жазып калтырганын» белгилешкен. Анда «Ата сизди сагындым. Сиздин жаныңызга баратам» деген маанидеги сөздөр жазылганы айтылган.
Милициядан кыз эмне үчүн мындай кадамга барганын иликтөөнү убадалашкан.