Temirov Live: Милиция алып кеткен ноутбуктарда белгисиз бирөөнүн «изи» калган

Temirov Live басылмасынын журналисттери Ютуб каналына кезектеги видеосун жарыялады. Анда алар ноутбуктарын белгисиз бирөөлөр «чукулашканын» айтып беришти. Аталган ноутбуктарды 22-январда Тemirov Live’дын кеңсесин тинтүү учурунда милиция кызматкерлери алып кетишкен. Кийин, 1-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминен соң гана кайтарып беришкен.

Ноутбуктагы чочун кишинин «издерин» журналисттер компьютердеги ар бир аракетти жаздырып калуучу Windows окуялар журналынан аныкташкан. Мисалы анда компьютер качан өчүрүлүп, качан күйгүзүлгөнү тууралуу маалыматтар сакталат.

Windows окуялар журналында 2-мартка чейинки жазуулар өчүрүлгөн болуп чыккан. Журналисттер бул «изди жашыруу» үчүн жасалган деп болжошууда.

«УКМКнын болобу, ИИМдин болобу IT-адиси бир аз адашып калыптыр. Бардыгын өчүрдү, бирок “изи” [калыптыр], мен мисалы килтейген IT-адиси, акылдуу компьютерщик эмесмин, бирок өзүм эле таап алдым. Жөнөкөй сөз менен түшүндүргөндө, [компьютерге] башка бирөөлөр кирип, өзүң деле кирип, бир нерсе туура эмес кылсаң, ал катаны кийин интернетке кошулганда виндоуска жөнөтөт [...] Ошону ачсак, IT-адистери эске албай, жаздырууларды калтырып коюптур», — деди иликтөөчү журналист Болот Темиров.

Файлдардагы жаздырууларга ылайык, 24-январь кечинде Temirov Live’дын журналисттеринин ноутбугуна кимдир бирөө кирген, башкача айтканда тинтүү жана техникалык жабдыктарды конфискация кылгандан эки күн өткөндөн кийин болгон.

«Таң калыштуусу, IT-адистери 24-январда биздин компьютерлерди ачып, ичиндеги айрым материалдарды өчүрүшкөн. Ал эми мыйзам боюнча, печать басылып, таңгакталган техникаларды соттун уруксатысыз ачууга укуктары жок болчу. Анан да, так ошол күндөрү биздин компьютердеги маалыматтар социалдык тармактарда таратылып жатты. Кызыгы тергөөчү Камалов 28-январда гана ноутбук, компьютерлерди текшерүүгө уруксат алган. Ал эми техникалардагы маалыматтарды фейк-троллдор аркылуу интернетке чыгарышты. Социалдык тармактарда колдорунан келишинче биздин командага карандай жалаа жаап, жамандап турушту», — деди журналист Сайпидин Султаналиев.

Temirov Live’га карата тукуруу

20-январда Temirov Live мамлекеттик ишкана аркылуу мазут сатып 30 млн сомдон ашык пайда тапкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө жарыялаган.

Бир нече күндөн кийин, 22-январда милиция Temirov Live’дын негиздөөчүсү Болот Темировду жана анын кесиптеши, төкмө акын Болот Назаровду кармаган. Алар кармалган учурда чөнтөгүнөн баңгизат табылганы тууралуу кабар тараган.

Темиров баштыкты ага «салып коюшканын» айткан. Анын заара жана канынан алынган анализ баңгизат жок деген жыйынтык көрсөткөн. Эртеси күнү иликтөөчү жарналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров эч кайда кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарылган.

Милиция кызматкерлери Temirov Live’дын кеңсесинен техникаларды алып чыгып баратышат. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop.

Ал арада интернетте Temirov Live’дын журналисттерине тукурган жана аларды кодулаган видеолор пайда болгон. Видеолордун биринде Болот Темировду кылмышкер, мамлекеттик чыккынчы деп аташкан. Айрым видеолордо конфискацияланган компьютерлердеги долбоорлордун отчётторун, келишимдерди жана башка документтерди пайдаланышкан. Темировду чет элдик агент катары көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Тема боюнча окуңуз: Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?

Темировго козголгон кылмыш иштери

Учурда Болот Темировго карата жалпы төрт кылмыш иши козголгон: паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңги заттарын даярдоо.

Кылмыш иштердин бардыгы Temirov Live’дын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары мамлекеттик тендерлерге катышып жаткандыгы тууралуу иликтөөлөрүн жарыялагандан кийин козголгон.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Ташиев өзү бир нече жолу иликтөөчүлөрдүн бүтүмүн жокко чыгарып келген. Ал «Новые лица» басылмасына курган маегинде журналист Болот Темировдун иликтөөсүндөгү атайын кызматтын төрагасынын үй-бүлөсүнүн коррупциялык иштери тууралуу маалыматтарды «ойдон токулган» деп атап, үй-бүлөсүндө бир да адам эч качан «коррупциялык схемаларга» аралашпаганын билдирген.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Буга чейин адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) бийликтен иликтөөчү журналист Болот Темировго карата тагылган айыптарды алууга чакырышкан.

Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий мүнөзгө ээ» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.

Дагы окуңуз: Temirov Live’дын журналисти кимдир бирөө үйүнүн жанына белгисиз зат таштап кеткенин кабарлады

Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?

Сот Болот Темировдун негизсиз далилдерди жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок

Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жатат