Активисттер имам Дооловдун үстүнөн УКМК жана Башкы прокуратурага арыз жазышты

Активисттер Умай Аркыкова жана Махинур Ниязова Бишкектин Свердлов районунун имамы Садыбакас Дооловдун үстүнөн УКМК жана Башкы прокуратурага арыз жазышты. Бул тууралуу Арыкова Twitter’де билдирди.

«Аялдарды малга теңеп, аялдардын кийимин көзөмөлдөөгө чакырып, аялдарды басмырлап, алардын укугун бузганы жана насааты үчүн Дооловдун үстүнөн [...] арыз жаздык. Конституцияны айтпаганда да анын кылганы Жазык кодексинин 189-беренесине (“Адамдын тең укуктуулугун бузуу”) туура келет», — деп жазды активист.

Имамдын чуулгандуу насааты

Жакында эле социалдык түйүндөрдө Садыбакас Дооловдун тоюттун кымбатташынан тышкары эттин баасынын өсүшүнө аялдардын кийген кийими да себеп болуп жатканын айткан видеосу тараган.

«Эт кымбаттады деп атышат. Ооба, эт кымбаттады, кымбаттайт да. Тоют кымбаттап атса, жайыт тарып атса, албетте кымбаттайт, эмнеге кымбаттабасын. Анын кымбатташына дагы бир себеп бар. Жакшылап угуп, кагылайын аталар, энелер, чоң энелер, тайэнелер, чоң аталар, таяталар. Урматтуу эркектер, урматтуу апалар жакшылап кулак салгыла, намысыңарга тие турган катуу сөз айтам: эт базарда эттин баасы асмандын башы, атаңдын көрү дегендер четтен табылат. Качан кымбаттайт билесизби? Качан сиз жашаган аймакта аялдардын эти арзандай баштаса. Аялдардын эти арзандап, жоон санын бармагындай же колундай кылып көрсөтүп басып калса, намыска келип бир аксакал “өй бери келчи, кимдин кызысың? жап мына бул этегиңди, узартпайсыңбы, уялбайсыңбы? кандай бети жок немесиң? кимдин кызы бул? деп ата-энелерин даректештирбеген аталардын себебинен аялдардын эти арзандады. Аялдардын эти арзандаган себептүү базардагы койдун эти кымбаттады», — деген ал.

Бул соцтүйүндөрдө кызуу талкуу жана имамга карата сындарды жараткан.

Доолов өзү кийинчерээк сөзү «контекстен үзүлүп алынып, мааниси бурмаланып калганын» айткан. Ал эт кымбаттады деп айткандан мурда «ар бир адам мүнөзүн, адебин, тарбиясын таразалашы» керек деп кошумчалаган.

«Жөн эле падышага, элге, базарга шылтай бербей дегем. Эт кымбаттады дейсиңер бирок аялзатынын, апалардын, эжелердин денелери ачык жүргөндө эмнеге намыстанбайсыңар деген сөздөр бар болчу», — деген имам.

Ал эми Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы дин кызматкери видеодо жазылган сөздөрдү эмне максатта айтканын тактоо үчүн текшерүү болорун билдирген.