Муфтият эттин кымбатташына аялдардын кийими себептигин айткан имамдын сөзүн териштирет

Социалдык түйүндөрдө Бишкектин Свердлов районунун имамы Садыбакас Дооловдун тоюттун кымбатташынан тышкары эттин баасынын өсүшүнө аялдардын кийген кийими да себеп болуп жатканын айткан видеосу тарады.

«Эт кымбаттады деп атышат. Ооба, эт кымбаттады, кымбаттайт да. Тоют кымбаттап атса, жайыт тарып атса, албетте кымбаттайт, эмнеге кымбаттабасын. Анын кымбатташына дагы бир себеп бар. Жакшылап угуп, кагылайын аталар, энелер, чоң энелер, тайэнелер, чоң аталар, таяталар. Урматтуу эркектер, урматтуу апалар жакшылап кулак салгыла, намысыңарга тие турган катуу сөз айтам: эт базарда эттин баасы асмандын башы, атаңдын көрү дегендер четтен табылат. Качан кымбаттайт билесизби? Качан сиз жашаган аймакта аялдардын эти арзандай баштаса. Аялдардын эти арзандап, жоон санын бармагындай же колундай кылып көрсөтүп басып калса, намыска келип бир аксакал “өй бери келчи, кимдин кызысың? жап мына бул этегиңди, узартпайсыңбы, уялбайсыңбы? кандай бети жок немесиң? кимдин кызы бул? деп ата-энелерин даректештирбеген аталардын себебинен аялдардын эти арзандады. Аялдардын эти арзандаган себептүү базардагы койдун эти кымбаттады», — деген ал.

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан дин кызматкери видеодо жазылган сөздөрдү эмне максатта айтканын тактоо үчүн текшерүү болорун билдирди.

Доолов өзү кийинчерээк «Азаттыкка» интервью берип, сөзү «контекстен үзүлүп алынып, мааниси бурмаланып калганын» айткан.

Ал эт кымбаттады деп айткандан мурда «ар бир адам мүнөзүң, адебин, тарбиясын таразалашы» керек деп кошумчалаган.

«Жөн эле падышага, элге, базарга шылтай бербей дегем. Эт кымбаттады дейсиңер бирок аялзатынын, апалардын, эжелердин денелери ачык жүргөндө эмнеге намыстанбайсыңар деген сөздөр бар болчу», — деген имам.

Саякатка жана тамеки чегүүгө тыюу

Акыркы айда аялдарга карата терс пикирин айтып, алардын укуктарын чектөөнү сунуштагандардан ичинен имам Доолов жалгыз эмес. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө ата-энелеринин же күйөөсүнүн коштоосу жок чыгарууга тыюу салууну сунуштаган.

Атазовдун сөзү соцтүйүндөрдө терс маанай жаратып, көп өтпөй Ак үйдүн алдында митинг өтүп, Атазовго депутаттык мандатын тапшыруу талабы айтылган.

Андан кийин эле Бишкек эркин экономикалык аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаров «кыргыз кыздардын чет өлкөлөрдө сойкулук кылып жүргөнү өлкөнүн инвестициялык климатына жана имиджине терс таасир этип жатат» деп айткан.

Мындан тышкары, Тайчабаров дагы бир башка билдирүү жасап, ырчы, актриса, блогер, модель жана соцтүйүндүн жылдыздары секс кызмат көрсөтүү тармагында иштеш үчүн Түркияга кетип жатышканын айткан. Тайчабаров муну менен эле чектелбей кыздардын тамеки чегүүсүнө тыюу салууну, ал үчүн тийиштүү мыйзамды кабыл алууну сунуштаган. Ал мындай сунушун буга чейинки айткандарын сындаган кыздар тамеки чегишет деп жүйө келтирген.