Жалал-Абад: Курбусунан токмок жеген кыз каза болгону тууралуу кабар чындыкка дал келбейт

Жалал-Абад облустук милициясы соцтармактарда тараган «курбусунан токмок жеген кыз каза болду» деген маалыматты четке какты. Ведомстводон «Клоопко» билдиришкендей, видео тасмадагы сабалган аял менен мушташкан кыздардын байланышы жок.

Эмне болду?

Буга чейин Жалал-Абад шаардык мэриясына жакын, борбордук көчөлөрдүн биринде жаш кыз курбусунун чачынан толгоп сүйрөп, бет талаштыра тепкен видео тараган.

Укук коргоо органынын маалымат кызматы, бул окуя 2022-жылы 7-июнда болгонун билдирди. Видеодогу 19 жана 16 жаштагы кыздар Жалал-Абад ШИИБне алып келинип, окуянын чоо-жайы териштирилген.

Маалыматта, алар курбулар экенин айтып, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышканы, бири-бирине дооматы жок болгондуктан арыз жазбаганын кошумчалашты.

Кийин, соцтармармакка дагы бир видео тарап, буга чейин Жалал-Абад мэриясынын тушунда курбусунан токмок жеген кыз каза болду деп айтылган. Облустук милиция видео тасмадагы сабалган аялдын окуясы үстүбүздөгү жылдын 29-майында Сузак районунда болгонун билдирди.

«Анда күйөөсү мас абалында аялын сабаган. Натыйжада 38 жаштагы жубайы оор жаракат алып, үйүндө каза болгон. Учурда маркумдун күйөөсү кармалып, камакка алынган», — деп белгиледи басма сөз кызматы.

Тема боюнча:

Жалал-Абад: Аялын сабап өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

«Аксакал келинине болушкан». Нарындын тургуну атасынын өлүмүнө шектелип кармалды

ИИМ: Өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды