Аксы: Чек ара кызматкери велосипед менен бараткан кишини коюп кетти

Аксы районунда кызматтык унааны башкарып бараткан чек ара кызматкери велосипед тээп бараткан адамды коюп кетти. Жабырлануучу өзүнө келбей, жеринде каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, окуя 5-июль күнү кечки саат 19:00 чамасында Үч-Коргон айылында болгон. Анда Аксы районундагы «Дейрес» чек ара заставасынын 22 жаштагы ефрейтору Кербен — Кызыл-Жар унаа жолунун 49-чакырымында каршы тилкеде келе жаткан 29 жаштагы жигитти коюп кеткен.

Жалал-Абад облустук милициясы чек ара кызматкери кармалып, учурда тергөөдө сурак берип жатканын белгилешти.

Буга чейин, 7-июлда Жалал-Абад облусунда катталган жол кырсыгынан Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков каза болгон. Кырсыктын кесепетинен дагы эки киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Тема боюнча:

«Айдоочу уктап кеткен». Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков авто кырсыктан каза тапты

«Жол күзөтчүлөрү кууп келген». Аксыда өспүрүмдүн өмүрүн алган кырсык боюнча иликтөө башталды

Чүй облусундагы жол кырсыктан бир адам каза болду