«16 жашар кызды зордуктоо иши». Үй камагына чыккан айыпталуучулар эки айга камакка алынды

8-июлда Бишкек шаардык соту 16 жаштагы кызды зордуктоого айыпталып жаткандардын баш коргоо чарасын өзгөрттү. Алар 6-сентябрга чейин ТИЗО-1де камакта болот. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык соту Свердлов райондук сотунун айыпталуучуларды үй камагына чыгаруу боюна чечимин негизсиз деп тапты.

8-июлда Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбеков зордуктоого айыпталып жаткандарды эч кайда кетпөө тил каты менен

үй камагына бошоткон. Судьянын мындай чечими коомчулуктун нааразычылыгын жараткан.

Ал эми Жогорку соттон судьянын чуу жараткан чечими «көңүл сыртында калбаганын» билдирип, судьянын аракетинде өспүрүм кыздын укуктарын тебелөө болгонун көрүп, олуттуу аракеттер көрүлгөнүн билдирген.

«Батырбеков Кыргызстандын Судьялар кеңешине өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызын берди. Судья анын аракетинен кынтыксыздыгына күмөн жаралып, сот бийлигинин кадыр-баркына көлөкө түшүргөнү үчүн жумуштан кетүүнү чечкен», — деп белгилешкен Жогоку соттон.

Тема боюнча:

«Бизди ким коргойт». Бишкекте аялдар жана балдарга карата зомбулукка каршы тынчтык митинги өттү

16 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандарды камактан бошоткон судья отставкага кетти

Эки милиция кызматкери 13 жашар кызды бир жылга жакын зордуктап жүргөн деп айыпталууда