Украинадагы согушта жарадар болгон кыргыз жараны каза тапты

8-июнда Украинадагы согушта Кыргызстандын 49 жаштагы жараны Аманбек Курбанбаев каза тапты. Бул тууралуу «Азаттыкка» маркумдун бир тууган агасы Урматбек Курбанов кабарлады.

Анын айтымында, Аманбек Курбанов келишимдин негизинде өз ыктыяры менен Украинага кеткен. Ал милициянын отставкадагы майору болгон жана согушка орус армиясынын катарында жөнөгөн.

Маркумдун агасы кошумчалагандай, иниси майдын аягында Донбасста жарадар болуп, 5-июнга чейин реанимацияда жаткан. Ал бир нече операциядан кийин көз жумган.

«Келишим түзгөн тараптарды таппай койдум. Сөөктү өз каражатыбызга алып келдик. Москвада иштеген мекендештер жардам беришти», — деди Урматбек Курбанбаев.

Кыргызстандык 13-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жерге берилди.

Айрым маалыматтарга ылайык, Курбанбаев Баткен окуяларынын катышуучусу болгон жана «Эрдик» медалы менен сыйланган. 2015-жылдагы парламенттик шайлоого «Замандаш» партиясынын талапкерлеринин тизмесинде болгон.

Материал жарык көрөр алдында УКМК, ИИМ жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Жазык кодексинин 256-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу» үчүн жарандар мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Май айында УКМК кыргызстандык жарандын Украинадагы согушка катышуусу боюнча кылмыш ишин козгогон. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал социалдык тармактагы барагында сүрөт-видео чыгарып Украиндагы согушту активдүү чагылдырып турган.

Атайын кызмат, жарандын өздүгүн аныктап, ал 2021-жылы декабрда Украинага эмгек миграциясына кеткенин аныктаган. Киев шаарындагы Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркуловдун айтымында, кыргыз жараны аймактык коргоодо санитардык жардам көрсөтүп жүрөт.

Буга чейин орус армиясында кызмат өтөп, Украинадагы согушта каза тапкан төрт жаш жигиттин сөөгү Кыргызстанга алып келинген.

Алсак, согушта Ысык-Көл облусунда туулган 19 жаштагы Эгемберди Дорбоев каза болгон. Ал аскердик кызматка 2021-жылдын күзүндө чакыртылган.

Андан тышкары, орус аскерлеринин катарында Украинага каршы согушта Рустам Зарифулин набыт болгон. Ал Кара-Балта шаарында жерге берилген.

Ошондой эле 20 жаштагы Исламжон Камилов каза тапкан. Маркум кичи мекени Кара-Дыйкан айылында акыркы сапарга узатылган.

Украинадагы согушта 19 жаштагы Сыргакбек Өзүбеков да набыл болгон. Сахалин облусунун губернатору Валерий Лимарченко маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлөрүн белгилеген.