Нарын: Хутор-Ак-Талаа айылындагы ок атышууга байланыштуу эки киши камакка алынды

Нарын районуна караштуу Хутор-Ак-Талаа айылындагы ок атышуу боюнча үч кишинин бөгөт чарасы каралды. Эки шектүү камакка алынып, бирөө үй камагына чыкты. Бул тууралуу «Клоопко» Нарын облустук сотунан билдиришти.

Буга чейин Хутор-Ак-Талаа айылында жер талаштан улам чыр чыгып, жергиликтүү тургундар эки жаат болуп урушуп, ок атылган. Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы 11-июлда аймакта милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын маалымдады.

«Азыркы учурда Нарын райондук бийлик өкүлдөрү жана облустук милиция эл менен жолугуп, коомдук тартипти сактоо багытында айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Окуя кандай болгон?

7-июль күнү Нарын районуна караштуу Хутор-Ак-Талаа айылында жер талаштан чыр чыгып, тургундардын бири айылдаштарына ок чыгарган. Андан алты киши ооруканага түшүп, үчөөнө операция жасалганы кабарланган.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, райондук милицияга 30-40 киши К.Б атуу кишинин үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен койгулап жатканы тууралуу кабар түшкөн.

«Күч органын кызматкерлери барган кезде чогулгандар дарбазанын сыртында токтоп турган “Субару-Аутбек” үлгүсүндөгү унааны өрттөй баштаганда үй ээси сактап жүргөн куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарганы аныкталды», — деп белгилешкен облустук милициядан.

Мекеменин маалыматына ылайык, жаңжалга чейин аталган айылдын тургуну К.Б. аттуу жаран Тегерек-Кырчын участогунда 10 гектрага жакын жерди мыйзамсыз тосуп алган. Мындан улам, айыл тургундары менен жерди тосуп алган кишинин ортосунда уруш чыгып, алар бири-биринин үстүнөн сотко арыз жазышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова операция жасалган үч кишинин абалы оор экенин айткан. Ал эми жаракат алгандардын абалы орто деп баалаган.