Ысык-Көл облусунда уурдалган 16 жаштагы кыз табылды

11-июль күнү эртең менен Түп районунда уурдалган жашы жете элек кыз табылып, милиция үйүнө алып баратат. Бул тууралуу «Клоопко» Ысык-Көл ОИИБнен билдиришти.

Ал жактан кыз жеткирилгенден кийин ата-энесинин көзүнчө сурак берерин белгилешти. Милиция эгер мажбурлап уурдалганын тастыктаса, анда кылмыш иши козголорун белгиледи.

Милиция кызды уурдоого шектүүлөр кармалды-жокпу айткан жок.

Ысык-Көл облусунун Түп районунда кыз уурдалганын 12-июлга караган түнү укук коргоочу Камиль Рузиев кабарлаган.

Андан кийин Ысык-Көл ОИИБи 12-июлда Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына жашы жете элек кыз уурдалганы боюнча арыз түшкөнүн билдирди. Арыз ээси 11-июль күнү эртең менен Түп районуна караштуу айылдардын биринен Чүй облусунун Кара–Балта шаарына 16 жаштагы кыз уурдалганын жазган.

«Аталган арыз Каракол шаардык Ички иштер башкармалыгын маалыматты каттоо электрондук журналына катталып, арызда көрсөтүлгөн жагдай менен таанышып чыгуу үчүн материалдар Түп РИИБне өткөрүлүп берилген», — деп белгилешти Ысык-Көл ОИИБнен.

Кыздарды жана аялдарды уурдоо

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2021-жылы аялды уурдап, мажбурлап никеге тургузуу боюнча 560 факты катталган.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бул кылмыш иштери Жазык кодексинин төрт беренеси менен катталган — «Никеге туруу максатында ала качуу», «Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо», «Адамды никеге турууга мажбурлоо», «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу».

«82 иш сотко жөнөтүлгөн, 460 иш кыскартылган, өндүрүштө дагы 14 иш бар», — деп билдирген Зулушев.

Көпчүлүк учурда мындай окуялар сотко жете бербейт, ал эми мыйзам бузгандар тиешелүү жазасын албай келет. Агрессордун жазасыз калышы уурдалган кыздын өлүмү менен аяктаган учурлар бар.

2021-жылы маркум Айзада Канатбекованын тагдыры аянычтуу аяктаган. Айзаданы Замирбек Теңизбаев аттуу жаран уурдап качып, зордуктап, кызды өлтүрүп, кийин өзүнүн да жанын кыйган. Окуя коомчулукта резонанс жараткандыктан, Теңизбаевге кызды уурдоого жардам бергендер реалдуу жазасын алып, эркинен ажыратылышкан. Бирок кыздын өлүмүнүн алдын албаган милиция кызматкерлери тиешелүү жазасын алышкан жок.

Буга чейин ушундай эле окуя болгон, 2018-жылы 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы милиция бөлүмүнөн каза тапкан. Шектүү кызды зордоп никеге тургузуу максатында уурдаган, бирок алар кармалып милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин кызга бычак сайып өлтүргөн жана өзүн өлтүрүүгө аракет кылган.

Дагы окуңуз:

Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты