Садыр Жапаров: «Крыша» болуу деген түшүнүктү таптакыр жок кылып жатабыз

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин 14-июлдагы жыйынына катышты. Анда ал министрлердин жана башка мамкызматкерлердин «таза иштешин» талап кылды.

Ошондой эле Жапаров «кимдир бирөөгө “крыша” болуу деген түшүнүктү жок кылып жатабыз» деп билдирди.

«Кимде-ким туура эмес ишке аралашып, бирөөлөргө “крыша” болуп же мамлекетке каршы иштердин артында турчу болсо, эч кимиңердин ушул кезге чейинки сиңирген эмгегиңерге карабайбыз. Өтө катуу жана катаал чараларды көрөбүз. Биздин мамлекетте коом өтө ачык, эч нерсени жаап-жашыра албайсыңар», — деди президент. 

Мындан сырткары президент кызматкерлерди чечимдерди кабыл алууда «элди ойлоого» чакырды.

«Ушул жерде отурган бардык жетекчилердин кулагына күмүш сырга. Биз кабыл алган чечимдердин бардыгы сиздердин колдон жалпыланып, анан кабыл алынат. Алар элдин жакшы жашоосуна да, түйшүккө малынышына да түрткү болот. Ошондуктан жакшылап терең ойлонулган чечимдердин болушу — негизги шарт. Жети өлчөп, бир кесип анан кабыл алып туралы»,— деди ал.