Нарындагы жер талаш: Айылдаштарына ок чыгарды деген кишин үй-бүлөсү өз версиясын айтты

7-июлда Хутор-Ак-Талаа айылында жер талаштан улам чыр чыгып, ок атылган. 6 адам ооруканага түшүп, үчөөнө операция жасалган. Окуя боюнча облустук сот эки шектүүнү камакка алып, бирөөнү үй камагына чыгарган. Жашоочулар ок чыгарган кишинин үй-бүлөсүн айылдан көчүрүү талабын коюшса, Кыдырмышовдун үй-бүлөсү айылдаштарынын айтканына макул эмес.

Тургундар эмне дейт?

Айыл тургундарынын жыйыны. Сүрөт «Турмуш» басылмасы.

Милициядан Хутор-Ак-Талаа айылындагы чырга жер талаш себеп болгонун айтышкан. Анда 30-40 чамалуу тургун Бакыт Кыдырмышов аттуу кишинин үй-жайын талкалап, унаасын өрттөп салган. Үй ээси аңчылык куралы менен элге ок чыгарган деп белгиленген.

«Турмуш» басылмасы 13-июлда аталган айылдын тургундары жер талашка байланыштуу жыйналыш өткөрүп, ок аткан кишинин үй-бүлөсүн көчүрүү талабы айтылганын жазды. Ошондой эле окуя тууралуу тургундардын пикирин жарыялады.

Айыл тургуну Төрөбек Тилек уулу басылмага ок чыгарган киши 12 гектар жайыт жерди мыйзамсыз тосуп алганын айтып берди. Анын айтымында, Кыдырмышов мурда да айылдаштарын сабап, коркутуп жүргөн. Ошол себептен тургундар чогулуп «ынтымакка чакыруу үчүн» үйүнө барышкан.

«“Жөн жаша, мындайыңды токтот” деп эле бардык. Дарбазасын такылдатсак, мылтык менен тосуп алды. Төрт мылтыктын үнү чыгып, эки унаа менен келгендерди сүзүп жатты. Бирөө менен келип дубалды сүзүп, анысы оодарылып, зымдан чыңалуу болуп, унаа өзүнөн-өзү өрттөнүп кетти», — деп түшүндүрдү ал.

Ал эми Толгонай Тентиева аттуу тургун чыр чыккан күнү 2-курсту жаңы аяктаган небересине ок тийип, бир бөйрөгү алынып, жоон ичегиси октон жабыркаганын айткан.

Дагы бир жашоочу Жыргалбек Бугубаев Кыдырмышовдун үй-бүлөсү «акчалуу» экенин айтып, «укук коргоо органдарын сатып алган» деген пикирде. Ал ошол себептен «эл жарылып атат» деп түшүндүрдү.

«Булардын чоң артистик мүнөзү бар. Мени тепкиледиби, мен мушташсам, мушташпасам дагы сөзсүз барып ооруканага жатат. Акчаларын берет, экспертизанын корутундулары чыгат. Ортодон сот, милиция, тергөөчүлөргө акча берип кутулуп кетип жатпайбы [...] Атып кеткенден сырткары 20дай бала оорулуу болуп калды. Эң биринчи кезекте, үй-бүлөсү менен көчүп кетишсин», — деп нааразы болду Бугубаев.

Кыдырмышовдун үй-бүлөсү эмне дейт?

Кыдырмышовдун үй-бүлөсү. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы.

Бакыт Кыдырмышов учурда камакта. Анын алты баласы бар. Азыркы тапта үй-бүлөсү Нарын шаарында жашап жатат.

Жубайы Нуржан Төлөсүнова окуя болгон күнү үйдө чай ичип отурганда таш ыргытыла баштаганын айтты. Ал айылдаштары «мылтык менен аткылап, үйдүн баарын талкалашты» деп белгиледи.

«Бир маалда апамдын катуу кыйкырган, ыйлаган үнү чыкканда жолдошум экөөбүз эшикке чуркап чыксак, эшиктин алдында турган кайнимдин унаасын өрттөп, кайната, кайненемден бери сабап, "буларды өрттөйбүз" деп, үйдүн айланасына чөп төгүп жатышыптыр. "Балдары менен чогуу атып таштагыла" деп айтып жаткандарын уктум», — деди ал.

Төлөсүнова окуя болгонго чейин 2-июлда жолдошу чөп тартып келгенде, А.Т. атуу бала менен уруша кеткенин, бала жолдошунун «башын жарып салганын» айтты. Эртеси күнү агасы аялга телефон чалып «өлтүрүп кетем, өрттөп кетем» деп коркутканын билдирди.

«5-июлга караган түнү саат 01:30да жыйылып турган чөптүн теңинен көбү өрттөнүп кетти. 395 боо чөп болчу. Эртеси күнү чөп боюнча милицияга арыз жазалы деп Нарынга бара жатканда жолдошумдун башын жарган баланын атасы жолду тосуп, Нарынды көздөй өткөрбөй койду», — деди аял.

Чолпон Макыбаева. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы.

Бакыт Кыдырмышовдун апасы Чолпон Макыбаева айылдан көчүп кетүү талабын аткарбасын айтып, айыл аксакалдарын бул окуяга калыс баа берүүгө чакырды.

«Менин балам өз үйүн, балдарын коргоду. Үч баласынын башына таш тийди. Мени, Жапакты (абышкасы) көгала кылып сабап кетишти. Балам менен А.Т. жер боюнча урушуптур деп жатышат. Жыйналыш болгон сайын эле биздин жерди айта беришет. Бирок биздикиндей 10, андан көп гектарларды тосуп алгандар толтура. Бизге чейин элдин баары көп жерлерди тосуп алган. Бул эмне үчүн айтылбайт?» — деп суроо салды ал.

Макыбаева бир баласы милицияда иштей турганын айтып, ага да «жумуштан бошоп кет» деп басым болуп жатканын белгиледи.

Нарын облустук милициясы айылда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи.

«Азыркы учурда Нарын райондук бийлик өкүлдөрү жана облустук милиция эл менен жолугуп, коомдук тартипти сактоо багытында айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат», — дешти милициядан.

Тема боюнча:

«Жер талаш». Нарындын тургуну айылдаштарына ок чыгарып, алты киши ооруканага түштү