Сот Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчисин камакта калтырды

Саламаттык сактоо министрлик кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова 11-августка чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Каракол шаардык соту чыгарды.

Тилекова УКМКнын кызматкерлери тарабынан «Опузалап пара алуу» беренеси менен 17-майда кармалган. Кийин 19-майда үй камагына чыгарылган. Бейшеналиевдин кеңешчиси Караколдун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору менен кошо кармалган болчу.

Бейшеналиев өзү Тилекованын кармалышына комментарий берип, пара берүү болгон эместигин, акча Медайымдардын күнүнө карата майрамдык иш-чараны өткөрүүгө чогултулганын айткан. Алгач Бейшаналиев Тилекова кеңшчиси экенин дагы четке каккан болчу.

Ал Тилекованы кеңешчиси эмес, орун басарысынын мурдагы катчысы деп ишендирген. Ал эми «бейкүнөө кызды» кармоо, министрдин айтымында, ага карата жалаа-жабуу аракети болуп жатат. Ошол эле убакта чиновник УКМК ага басым көрсөтүт жатканын дагы айткан эле.

Кийинчерээк Бейшеналиев өзү да кармалган. Ал COVID-19’га каршы вакцина сатып алууда бюджетке 1,5 млрд сом өлчөмүндө зыян келтирген деп коррупцияга шектелип жатат.

Ал эми 16-июнда Биринчи май райондук соту аткаминерди үй камагына чыгарган.

Бейшеналиев камакка алынган кийин президент Садыр Жапаров чиновникти саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетип, ордуна убактылуу Жаркынбек Касымбековду дайындаган.