Кара-Сууда кудукка түшүп кеткен 11 жаштагы өспүрүм куткарылды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районунда 7 метр тереңдиктеги кудукка түшүп кеткен 11 жаштагы өспүрүм куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 17-июлда катталган. Өспүрүм ойноп жатып суу сактоочу кудукка түшүп кеткен. Ал учурда кудуктун ичинде суу болгон эмес.

Өспүрүмдү анын туугандары куткаруучулар келгенге чейин кудуктан чыгарышкан. Кырсыктын кесепетинен баланын башы жарылган. Учурда анын абалы жакшы экени айтылды.

2018-жылы Ош облусунун Араван районунда төрт жашар наристе кудукка түшүп кетип көз жумган.

Милиция кородогу кудук эмне үчүн ачык болгону аныктоо үчүн баланын өлүмү боюнча териштирүү жүргүзмөй болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Араванда төрт жашар бала кудукка түшүп көз жумду