Бишкек: Украиналыктарга тилектештик муралын белгисиз кишилер боёп кетишти

Материал 2022-жылдын 28-июлунда өзгөртүлдү.

Дисклеймер: Урматтуу окурмандар, материалда Украинанын экс-акыйкатчысы Людмила Денисовага таянып маалымат бергенибиз үчүн кечирим сурайбыз.

Денисова орус аскерлери кыздарды жана аялдарды массалык түрдө зордуктап жатат деп билдирген болчу. Бирок Украинанын Жогорку радасынын депутаттары аны кызматынан бошотушкан, анын ичинде буга Денисова балдарды жана аялдарды зордуктоо болуп жатканы тууралуу билдирүүлөрүнүн көбүн далилдер менен бышыктап бере албай койгону себеп болгон.

Бишкекте белгисиз бирөөлөр кыргыз аялдарынын украиналыктарга тилектештигин чагылдырган сүрөттү боёп кетишти. Бул тууралуу «Клоопко» сүрөтчүлөрдүн бири Вера Андрианова билдирди.

Сүрөт: Вера Андрианова. Боёлгон мурал.

Ал муралда тартылган эки кызды жана «Искусство тынчтык үчүн!» деген хэштегди боёп салышканын айтты. Андрианованын айтымында, мурал 19-июлда саат 20:00дө — ЖМКга чыккандан кийин дароо — боёлуп калган.

Мурал Сухэ Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде Чоң Чүй каналынын түштүк бөлүгүндөгү дубалга 16-июлда саат 21.00дө тартылган.

Муралда эки кыз — кыргызстандык жана украин кызы — тартылган болчу. Андрианованын айтымында, кыргыз кыз украиналык курбусуна тынчсыздануу менен карап, кейип жатканын билдирип турат.

«Бул Семён Чуйковдун “Кыргызстандын гүлдөрү” эмгегине оммаж. Бул согуш учурунда украин элине, анын ичинде айрыкча аялдар менен кыздарга колдоо көрсөтүүнүн чыгармачыл ыкмасы. Аскердик аракеттер учурунда адатта аялдарга карата сексуалдык зомбулук көрсөтүү көбөйөт. Кол салган тарап үчүн бул жарандардын каршылыгын мокотуунун бир жолу», — деген ал.

Муралдын идеясы арт-менежер Акжибек Бейшебаевага таандык эле, ал эми ишке ашырган сүрөтчүлөр Вера Андрианова жана Арслан Нарынбеков болгон.

Учурда Орусия Украина менен согушуп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында орус аскерлери коңшу өлкөгө ири масштабдагы чабуулду башташкан. Орус бийлиги бул аракетин согуш деп атаган жок, Украинаны «демилитаризациялоо» жана «денацификациялоо» максатындагы «атайын операция» деп атап жатат.

Кыргызстан Орусия менен Украина согушунда расмий бейтарап позицияны карманууда.

Украинада согуш маалындагы зордуктоолор

Украин бийлиги согуш башталгандан бери орус аскерлери украин аял-кыздарды зордуктаганы тууралу бир нече жолу айтышкан. Украинанын мурдагы башкы прокурору Ирина Венедиктова «зордуктоо абдан көптүгүн, алардын баары аймактар бошотулгандан кийин текшерилерин» билдирген.

«Албетте, бул жарандык коомду коркутуу… [Украинаны ] багынып берүүгө аргасыз кылуу үчүн [жасалып жатат]», — деген Ирина Венедиктова.

Зордуктоолор тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский өзү дагы айткан болчу. Ал Украинанын убактылуу басып алынган аймагында ымыркайга карата сексуалдык зомбулук кылган орус аскерлеринин биринин тек-жайы аныкталганын билдирген.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Украинада зордуктоо болуп атканын четке кагып, Орусия эл аралык гуманитардык укукту сактоону артык көрөрүн билдирген.

Ал эми Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус аскерлери Украинанын аймагында зордуктоого барууда деген маалыматты жалган деп атаган.

2022-жылдын июнь айынын башында БУУнун өкүлдөрү болжолдуу зордуктоо деп эсептелген 100дөн ашуун учур катталганын маалымдашкан.

«БУУнун Жогорку комиссар башкармалыгынын Мониторинг тобу 3-июнга карата Чернигов, Днепропетровск, Донецк, Харьков, Херсон, Киев, Луганск, Николаевск, Винницк, Запорожск, Закарпатск жана Житомирск облустарында жаңжалдын шартында балдарга, аялдарга, кыздарга, эркектерге жана өспүрүмдөргө карата сексуалдык зомбулук актылары болду деп божомолдонгон 124 билдирүүнү алды», — деп кабарлаган Башкы катчынын жаңжалдар шартындагы сексуалдык зомбулук маселелери боюнча атайын өкүлү Прамила Паттен.

Анын айтымында, жаңжалга байланыштуу болуп аткан азыркыдай шарттарда сексуалдык зомбулук тууралуу билдирүүлөрдү текшерүү кыйын.