Кыргызстан Орусия менен толук түрдө рубль менен эсептеше баштады

Кыргызстан Орусия менен соода операцияларын жүргүзүүдө толугу менен орус рублинде эсептешүүгө өттү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевге таянып «Кабар» мамлекеттик агенттиги жазды.

Анын айтымында, бул Кыргызстанда күйүүчү майдын жана дизель майларынын баасынын кымбатташына алып келген, себеби Орусиянын өзүндө дагы күйүүчү майдын баасы өсүп, ошондой эле орус рубли бекемдеп жатат. Кыргызстан күйүүчү майлоочу майдын көп бөлүгүн тек гана Орусиядан ташып келет.

«Күйүүчү-майлоочу материалдар АКШ доллары менен төлөнүп жаткан бир нече товарлардын тобуна кирчү. Жакында эле аталган товарлар үчүн Орусия менен эсептешүүнү рубльга өткөрүү чечими кабыл алынган», — деп келтирет министрдин айткандарын Орусиянын ТАСС басылмасы.

Кыргызстандын нефтрейдерлеринин көбү күйүүчү-майлоочу майды Орусиядан рублга сатып ала баштаганы майдын аягында белгилүү болгон.

Ошондой эле Амангелдиев Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда товарлардын негизги топтору боюнча төлөмдөр буга чейин эле рубль менен жүргүзүлүп келгенин белгиледи.

«Күйүүчү-майлоочу майлар келишимге жана ишкананын өзүнүн талабына ылайык доллар менен сатылган. Россияга каршы санкциялардын киргизилишине жана россиялык банктардын SWIFT системасынан ажыратылышына байланыштуу төлөмдөрдө көйгөйлөр жаралган. Ошондуктан, биздин компаниялар эсептөөнү жүргүзүүдө белгилүү бир кыйынчылыктарга дуушар болгон. Буга байланыштуу рубль менен эсептешүүгө өтүү чечими кабыл алынды», — деди ал.

Министр ЕАЭБдин алкагында импорттук пошлинанын суммасы дагы рубль-сом болуп түшүп жатканын кошумчалады.

ТЕМА БОЮНЧА:

АКШ Кыргызстанды санкциядагы товарларды Орусияга өткөрүшү мүмкүн деген тизмеге киргизди