Борбор Азиянын үч лидери кызматташтыкты чыңдоо келишимине кол коюшту

21-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Борбор Азиянын мамлекет башчылары жолугушту. Анда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү» келишимине кол коюшту.

Келишим чөлкөмдүү өнүктүрүү максатында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын ортосунда достукту, ынак коңшулаштыкты жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндөгү ички процедуралар аяктагандан кийин бул документке кол коюшары айтылды.

Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын кеңешмеси. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу өтүп жатат. Жыйында чөлкөмдөгү аймактык коопсуздук, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу маселелери каралды.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын кийинки консультативдик жолугушуусу 2023-жылы Тажикстандын Душанбе шаарында өтөрү айтылды.

Ушуну менен Борбор Азиядагы өлкө башчыларынын консультативдик жолугушуусу төртүнчү ирет өттү. Өткөн жылы кеңешме Түркмөнстанда болгон.

Анда президенттер соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселесин, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашкан болчу.

Тема боюнча:

Чолпон-Ата: Борбор Азия лидерлеринин консультативдик жолугушуусу өтүп жатат