Баткен: Тургундар өкмөт курган үйлөрдүн ичинде ысык 50 градуска чейин барганын айтып чыгышты

Баткенде кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн курулган үйлөрдүн ички температурасы 50 градустан жогору болуп жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Лейлек районундагы Максат айылынын жашоочулары билдирди.

Алар жаңы курулган үйлөрдүн дубалы жука болгондуктан, аптаптын илеби түн ичинде да тарабай, ыңгайсыздык жаратканын белгилешти.

«Бир жумадан бери үйдөгү термометр 50дөн жогору көрсөтүп жатат. Биз айласыз жашап жатабыз. Мындай үйлөр биздин климатка туура келбейт окшойт. Анткени жайда өтө ысык, кыш мезгилде суук», — деди ал.

Аталган айылдын атын атагысы келбеген дагы бир тургунунун айтымында, үйдүн ичинде дем алуу кыйын. Мындан улам алар жергиликтүү, жогорку бийликке чейин арыз жазып кайрылып, бирок майнап чыкпай жатканын кошумчалады.

«Бизде аз гана адамдар 35 миң сомго кондиционер орнотушкан. Бизде шарт болбогону үчүн орното алган жокпуз. Бул боюнча жогорку бийликке чейин кайрылдык. Бизге губернатор, акимдер келип көрүштү. Вентилятор орнотуп беребиз дешкен. Ошол боюнча жок болду. Айрымдар “ушунчасына кудайга шүгүр кылгыла” деген жооп алдык», — деди тургун.

Максат айылындагы чек ара чырынан кийин курулган үйлөрдө «жашап болбойт» деген пикирин Фейсбукка «Интербилим» уюмунун жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева дагы жазды. Укук коргоочу «бул үйлөр жабыркаган турак жайды калыбына келтирүүгө жатпайт» деп белгиледи.

«Кам көрөбүз, Тажикстандан эч нерсе сурабайбыз, жоготууларды бир тыйынына чейин толуктайбыз дегенКамчыбек Ташиевди ушул үйгө бир күнгө жашатып койгулачы. Президент Садыр Жапаров өзүнө сарай салбай, ушул үйлөрдү бышыктап бербейби!», — деди Мамасалиева постунда.

Баткен бийлиги эмне дейт?

Ал эми Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов Максат айылынын тургундары тарабынан аталган маселе боюнча даттануу түшпөгөнүн билдирди. Ошондой эле, жаңы курулган сексен төрт үй 50 градус ысык, суукка туруштук бере турганын айтты.

«Мен бул маселени дагы жерине барып тактайынчы. Чындыгында Максат айылында күн катуу ысып, 45 градустан жогорулап кетет. Кондиционер орнотуу боюнча жергиликтүү бийликтин бюджети көтөрө албайт. Биз ысыкты алдын алуу жолдору боюнча демөөрчү табышыбыз керек же жогорку бийликке кайрылышыбыз керек болот», — дейт аким.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жапа чеккен Баткендин Лейлек районунун Максат айылындагы 60 үй-бүлө өткөн жылдын августунда жаңы үйлөргө көчүп кирген.

Анда мамкурулуш агенттигинен үйлөр СИП-панелден курулганын, бул аны тез арада куруп, пайдаланууга берүүгө жол берерин билдирген.

«Мындай үйлөрдүн сапатына кепилдик бар, ал Баткен облусунун климаттык шартына туура келет. Минкаб жабыркаган үйлөрдү тез арада калыбына келтирүү үчүн 700 млн сом бөлдү», — дешкен мекемеден.

Мурдараак 500 млн сом социалдык объектилерди оңдоо жана курууга жумшала турганы айтылган: мектеп, бала бакча жана жолдорго, калган 200 млн сом кыйраган жана өрттөлгөн турак үйлөрдү калыбына келтирүүгө жумшалары айтылган.

Куралдуу жаңжал

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжал 28-апрелде башталып 1-майга чейин уланган. Ал күнү эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытып, кийин ок атуу башталган. Буга «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында иш жүргүзүү себеп болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 190 адам түрдүү жаракат алган. Окуя болгон аймактан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Ок атууну биротоло токтотуу макулдашуусу 1-майда өкмөттүк делегациялар сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жетишилген. Ал эми 3-майда тараптар кошумча күчтөрү менен каражаттарын мамлекеттик чек ара сызыгынан дайыма турган жерлерине алып кетүүнү жыйынтыкташкан.

Тажикстан тарап каза болгондор менен жаракат алгандар тууралуу 6-майда гана маалымат жарыялаган. Ага ылайык, куралдуу жаңжалдын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн 19 жараны каза таап, 87 киши жарадар болгон.

Баткен облусунда жүздөн ашык үй, үч чек ара посту, эки мектеп, бир бала бакча, бир медициналык мекеме, милициянын имараты, он май куюучу бекет, сегиз дүкөн, төрт соода түйүнү, төрт соцобъект жана башка беш мамлекеттик мекеменин имараты өрттөлүп жана кыйраган. Айрым калктуу жайлар толугу менен кыйроого учураган.

Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, зыяндын өлчөмү 1,3 млрд сомдон ашат.