Жапаров Каркырада өткөн ат чабыштын жеңүүчүсүнө унаанын ачкычын тапшырды

Президент Садыр Жапаров 23-июлда Ысык-Көл облусунун Каркыра жайлоосунда өткөн ат чабыштын жеңүүчүлөрүнө автоунаанын ачкычын тапшырды.

Ат чабыш чыгаан жазуучу, Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгына арналган иш чараныны алкагында өткөрүлдү.

Анда өлкөнүн ар кайсы жеринен келген 100гө чукул тулпар ат чабыштын төрт түрү боюнча жарышка түштү. 32 күлүк 25 километрди түзгөн аламан байгеге катып, баш байгени Жалал-Абад облусунун Аксы районунан келген Каркыз аттуу тулпар утуп алды.

«Турмуш» басылмасынын маалыматына ылайык, жылкынын ээси — «Сары-Челек» федерациясынын президенти Нурбек Керимбеков. Ал эми чабандеси — Байэл Чоноев. Жеңүүчүлөргө сыйлыкты президент өзү тапшырды.

Ат чабышка коюлган байгелердин демөөрчүсү ким экени айтылган жок. Бирок сертификатта иш-чаранынын уюштуруучусу, Жапаровдун кудасы Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев деп көрсөтүлгөн.

Сүрөттөрдөн ат чабыш үчүн байге катары үч унаа коюлганын көрүүгө болот. Ал эми баш байгеге ээ болгон Каркыз атуу тулпар быйыл Түркиянын Изник шаарында өтө турчу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышары белгилүү болду.

Акылбек Түмөнбаев деген ким?

Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы. Ал президенттин эжеси Акат Жапарованын күйөөсү Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууганы.

Түмөнбаев Ички иштер министрлигинде жана Салык кызматында иштеген. Ал эми 2001-жылдан тарта Каржы полициясынын системасында иштеп, 2016-жылы Эсеп палатасынын аудотуру болгон.

Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен катышкан.

Ошондой эле, Түмөнбаевдин бир тууганы Турусбек Түмөнбаев «Унаа» мамлекеттик ишканасыны жетектеп турган. Аны бул кызматка Садыр Жапаров дайындаган. Өлкө башчы кудаларын жогорку кызматтарга «туруктуулукту сакташ үчүн» койгонун айткан.

Турусбек Түмөнбаев үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында 527 млн сомдук тендерге байланыштуу чуунун алдында кызматынан бошотулган.

2021-жылы Түмөнбаев №35 Ак-Суу бир мандатуу шайлоо округунан Жогорку Кенештин жетинчи чакырылышына депутат болуп келген.

Тема боюнча:

Бир кадр менен: Президент Садыр Жапаров Каркыра жайлоосундагы иш-чарада