Жалал-Абад: Бүлдүркөн терип жүргөн 10 жашар өспүрүм дарыяга түшүп кетип каза тапты

Сүрөт: ӨКМ

Жалал-Абад облусунда Данги суусунун боюнда апасы менен бүлдүркөн терип жүргөн 10 жашар өспүрүм дарыяга түшүп кетип каза тапты. Бул тууралуу 24-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 24-июлда катталган. Сууга агып кеткени өспүрүмдү издөө үчүн жети куткаруучу тартылган.

Кечке жуук анын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Өткөн жылы аталган облустун Аксы районунда 11 жаштагы өспүрүм мал айдап жүрүп дарыяга түшүп кеткен. ӨКМдин маалыматы боюнча бала көпүрөдөн өтүп баратканда аты үркүп кетип, экөө тең сууга агып кеткен.

Өспүрүмдүн сөөгү бир айдан кийин гана табылган.

Бул жылы жаз-жай мезгили башталгандан бери бир нече өспүрүм жана жаш балдар сууга чөгүп каза болду. ӨКМ ата-энелерге балдарын кароосуз калтырбоону эскертет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөн: Кемпир-Абад суу сактагычына эки өспүрүм чөгүп кетти

Ош: 17 жаштагы өспүрүм Папан суу сактагычына чөгүп кетти