Кумтөр иши: Centerra’нын акционерлери Кыргызстан менен келишимдин планын жактырды

Канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. компаниясынын акционерлери 25-июлдагы кезексиз жыйынында «Кумтөр» долбоору боюнча Кыргызстан менен келишим түзүүнүн резолюциясын жактырышты. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлап, «басымдуу көпчүлүктүн добушу менен» кабыл алынды деп билдирди.

Ошентип акционерлердин 96,83%ы «макул», ал эми 3,17%ы «каршы» добуш берди.

Centerra’нын басма сөз кызматынан келишимди кабыл алуу Онтарио Жогорку сотунун келишимдин планын колдооо тууралуу токтомунан да көз каранды экенин белгилешти. Келишимди колдоо өтүнүчү 28-июлда тапшырылары күтүлүүдө.

«Кумтөрдүн» Кыргызстанга өтүшү

Компаниянын акционерлеринин чечими «Кумтөр» долбоору боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен Centerra’нын ортосундагы ажырашуу процессин дерлик токтотот.

Өткөн жылдын май айына чейин канадалык компания өзүнүн «Кумтор Голд Компани» (КГК) туунду ишканасы аркылуу Кыргызстандагы эң ири Кумтөр кенин иштетип келген. Centerra’нын 26% үлүшү Кыргызстанга тиешелүү болгон.

2021-жылдын майында бийлик кенге тышкы башкаруу киргизген жана ал жакта Centerra’нын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Теңгиз Бөлтүрүктү башчы кылып дайындаган.

Компания кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстан, буга чейинки милдеттенмелерин бузуп, «кенди зордук менен басып алды» деп эсептеп, кийин Бөлтүрүктү сотко беришкен.

Кийинчерээк тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганы белгилүү болгон. 2021-жылдын сентябрында минкабдын башчысы Акылбек Жапаров жана УКМКнын башчысы Камсыбек Ташиев баштаган кыргыз делегациясы Женевада Centerra’нын аткаруучу директору Скотт Перри менен жолугушкан. Бул, кыргыз бийлигинин айтымында, Перринин демилгеси менен болгон сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду болгон.

ЖМК өз делегациянын курамындагы булактарына таянып, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы «канааттандыраарлык» экенин жазышкан. Кийин видеоконференция аркылуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өткөн.

Ал эми 2022-жылдын 2-январында президент Садыр Жапаров «канадалык Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар экендигин» билдирген.

Апрелдин башында минкаб жана Centerra Gold Inc. Кумтөр кенин Кыргызстанга өткөрүү боюнча баштапкы келишимге кол коюшкан. Келишимге ылайык, тараптар «Кумтөрдү» башкаруу боюнча талаш-тартыштарын жөнгө салышкан. «Кумтөр Голд Компани», Centerra’нын «туундуу» ишканасы толугу менен Кыргызстанга өткөнү жетишилген келишимдердин бири болгон.«Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылды», — деп жарыялаган президент Садыр Жапаров келишимге кол коюлгандан кийин.

Тема боюнча: «Кумтөрдүн» тагдыры Кыргызстандын колунда. «Центерра» менен макулдашуунун оош-кыйышы