Тротуар жылы: Ошто 180 млн сомго жанжолдор оңдолот

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы 

Ош шаарында 22-25-июль күндөрү Исанов жана Масалиев көчөлөрүнүн боюндагы мыйзамсыз жана убактылуу орнотулган 15ке жакын тепкич жана тосмо алынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовдун айтымында, ушул жылы 38 жаңы тротуар курулат.

«Бизге [мэр] Алмаз Мамбетов тапшырма берген. Анда курулуш иштерине тоскоолдук жараткан эмне болсо баары алынсын делген. Биз эскертүү бербестен эле мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрдүк. Анткени бул жылы 38 тротуардын баарын оңдоп бүтүрүүнү пландап жатабыз», — деди ал.

Ошондой эле Азимов тротуар куруу иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 млн сом бөлүнгөнүн билдирди. Мындан сырткары Оштун мэри республикалык бюджеттен тротуар үчүн 149 млн сом бөлдүрүп келгенин кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылдын 31-январь күнү Алмаз Мамбетов кызматкерлери менен шаардагы тротуарларды кыдырган. Анда ал мыйзамсыз орнотулган тосмолорду алып, тротуарларды «жакшыртуу» боюнча тапшырма берген.

Кийин калаа башчысы 2022-жылды Ош шаарында «Тротуар жылы» деп жарыялаган.

Майыптыгы бар тургундардын нааразычылыгы

Буга чейин Ош шаарындагы майыптыгы бар адамдар жана активисттер жөө жүрүш өткөрүшкөн. Алар калаада майып кишилерге шарттар жоктугун айтып, мэрияга нааразы болушкан.

Чогулгандар шаарда тротуарлардын, атайын пандустардын жоктугунан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кишилердин көчөдө жүрүшү кыйын экенин айтышкан. Алар бийликтен жолдорду курганда майыптыгы бар кишилерге да шарт түзүүсүн талап кылышкан.

«Бизге жолдо жүрүү үчүн шарттар жокко эсе. Мисалы, жолдо арыктан өтүүдө кыйынчылыкка туш болом. Пандустар талаптарга жооп бербейт. Өз алдынча чыга албайбыз, сөзсүз көчөдө бирөөнүн камкордугуна муктажбыз», — деп билдирген катышуучулардын бири.

Анда жөө жүрүшкө чыккандар менен мэриянын өкүлдөрү жолуккан эмес. Кийинчерээк калаа бийлигинен мэр Алмаз Мамбетов калаада жүргүнчүлөр үчүн шарттарды түзүүнү «колго алды» деп ишендиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Пандус жок, тротуарлар талапка жооп бербейт. Ошто майыптыгы бар кишилер акция өткөрүштү

Кайсынысы жаман — пандуспу же анын жоктугубу? Бишкек адамдарга ылайыкташпаган шаар бойдон калууда