Жамааттык ЖМКлар бирлиги: Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн 90%ы эркектерге катталган

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн 90%ы эркектерге катталган. Бул тууралуу Жамааттык ЖМКлардын бирлигинен билдиришти.

Маалыматта Кыргызстанда үй-бүлөнүн мүлкү көпчүлүк учурда эркектерге, тактап айтканда күйөөлөр, аталар же уулдарына катталганы айтылган. Расмий булактарда мындай маалымат жок.

Кыймылсыз мүлктүн көбү эркек кишилерге катталат деген бүтүмгө журналисттер калк арасында сурамжылоо өткөргөндөн кийин келишкен. Сурамжылоого өлкөнүн ар бир облусунан 700 үй-бүлө катышкан.

Алардын ичинен 46%ы үй-бүлөгө тиешелүү кыймылсыз мүлк күйөөлөргө катталганын айтса, 36%ы ата-энелерине каттаткандар болгон. Сурамжылоого катышкандардын болгону 7%ы мүлк жубайына катталганын билдирген. Калган 6% балдарына катталган деп жооп беришкен.

Ошондой эле, журналисттер көпчүлүк үй-бүлөлөр жер үлүшүн ата-энесине (36%) же жолдошуна (32%) каттай турганын аныкташкан. Жер үлүшү аялдарга (10%) жана балдарга (6%) эң аз катталат.

Унаалар да көпчүлүк учурда күйөөлөрдүн атына жазылат. Ошентип суралгандардын 44%ы үй-бүлөсүндө унаа күйөөлөрүнө катталганын айтышса, 19%ы ата-энесине, 11%ы балдарына, ал эми 2% гана аялына катталганын айтып жооп беришкен.

Жамааттык ЖМКлардын бирлиги 80% учурда үй-бүлөлүк мүлк күйөөлөргө же анын ата-энесине катталганын белгиледи.

Сурамжылоого катышкандардын 51%ы мүлк кимдин атына катталаарын үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге чечерин айткан. 27%ы мындай чечимди күйөөлөрү, 21%ы — ата-энелери кабыл аларын айтып жооп беришкен. Суралгандардын болгону 1%ы гана үй-бүлөдө мындай чечимде аялдар кабыл аларын айтышкан.

Гендердик маселелер боюнча эксперт Римма Султанова мындай көрүнүш калыптанып калган көз караш жана стереотиптерден улам келип чыкканын түшүндүрдү. Ал көз караштарга ылайык, адатта эркек — үй-бүлө башчысы, тиешелүү түрдө бардык чечимдерди ал кабыл алат.

Анын айтымында, бул аялдарда ишенбестикти пайда кылып, чыр-чатакка түртөт. Ал эркек да, аял да бактылуу жана бакубат үй-бүлөлүк жашоого бирдей салым кошо турганын белгиледи. Ошондуктан, алардын укуктары бардык учурда бирдей болушу керек деди Султанова.

Буга чейин БУУнун адам укуктары боюнча адистери Кыргызстан гендердик теңсиздик индекси боюнча 162 өлкөнүн ичинен 82-орунда экенин билдиришкен.

Анда эксперттер Кыргызстанда патриархалдык көз караштар, гендердик зомбулуктун жогорку деңгээли, гендердик ролдорго карата стереотиптер жана тажрыйбалар, ошондой эле экономикалык катыштыктагы жыныстардын ортосундагы ажырым дагы деле олуттуу бойдон сакталып жатканын айтышкан.

Адистер аялдар экономикалык жактан активдүү эмес калктын эң чоң бөлүгүн (70%) түзөрүн дагы белгилешкен.

Тема боюнча окуңуз: Улуттук статком: Кыргызстанда билимдүү аялдар көп, бирок айлык акысы аз

БУУ: Кыргызстанда патриархалдык көз караштар сакталып, гендердик зомбулук жогору болууда