«Кыргызфильм» журналист Нарын Айыпка тасма тартуу үчүн 750 миң сом бөлгөнүн түшүндүрдү

«МедиаХабдын» негиздөөчүлөрүнүн бири Самара Сагынбаева Фейсбук барагына Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясы өлкөнүн эгемендүүлүгү тууралуу тасма тартуу үчүн журналист Нарын Айыпка каражат бөлгөнүн, бирок долбоор тууралуу маалымат ачыкталбай жатканын жазып чыкты.

Сагынбаева Нарын Айыпты коррупцияга аралашканын мойнуна алган бажы төрагасынын мурдагы орун басары «Райымбек Матраимовдун журналисти» деп атап, анын «салык төлөөчүлөрдүн эсебинен тасма тартканын» белгиледи.

Ал Нарын Айыптын «“Кыргызфильмдеги” коргоочуларына» кайрылуу жасады.

«Акжол Бекболотов, кайсы критерийлер менен акча бердиңер, долбоорду ачыктайсыңарбы же ошол кездеги башкы редактор экөөңөр бири-бириңерге шылтайсыңарбы? Ошончо акча коротуп тарткан кино жарыкка чыктыбы?!» — деп суроо салды Сагынбаева.

Ошондой эле мамлекеттик «Кыргызфильм» киностудиясы кайсыл режиссёрге кандай талап менен акча берерине кызыкты.

«Кыргызфильм» эмне дейт?

Сүрөт Акжол Бекболотовдун Фейсбук барагынан алынды. 

Төлөмүш Океев атындагы «Киргызфильм» киностудиясынын төрагасы Акжол Бекболотов «Клоопко» Нарын Айыпка эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата социалдык жана саясий-аналитикалык багыттагы кыскаметраждуу даректүү тасма тартуу үчүн «Кыргызфильмден» жалпы 750 миң сом бөлгөнүн бышыктады.

Аны менен катар Бекболотов Самара Сагынбаеванын айткандарын четке кагып, Нарын Айып тасманы өз убагында бүтүргөнүн билдирди.

«Ар бир тасманын каражаты “улуттук тасмаларды өндүрүүгө типтүү сметанын” негизинде аныкталат. Бул тасма 2021-жылдын 3-майында өндүрүшкө жиберилип, ошол эле жылдын 30-июнунда өз убагында бүткөрүлдү. Жалпы хронометраж 40 мүнөт», — деди ал.

Тасманын режиссёру Нарын Айып эмгек акысына 143 600 сом алган — сценарийи үчүн 33 100 сом, үч айлык эмгек акысына 44 250 сом, коюучу сый акысы үчүн 66 250 сом.

Ал эми 606 400 сом алты кишиден турган тартуучу топтун эмгек акысы, социалдык чыгымдар жана техника үчүн төлөнгөн.

Бекболотов Айыптын тасмасынын сценарийдик негизде тартылуусун «Кыргызфильмдин» редактору, ал эми финансылык жагына киностудиянын жетекчилиги көзөмөл жүргүзгөнүн кошумчалады.

Бекболотов Самара Сагынбаеванын Нарын Айыптын «Кыргызфильмдеги» коргоочулары тууралуу айткан пикирин четке кагып, киностудия «кандайдыр бир коргоочулар же ушул сыяктуу көрүнүштөргө жол бербейт» деп эскертти.

«Сценарийди кароо, тандоо боюнча Көркөм кеңеш, редакция тийиштүү бөлүмдөр болуп коллегиалдуу, ачык-айкын иш алып барылат», — деп ишендирди ал.

Бекболотов акыркы эки жыл аралыгында «Кыргызфильм» киностудиясынын өндүрүшүнө 30 миллион сомго чейин акча бөлүнүп келе жатканын кошумчалады. Анын айтымында, киностудия өндүрүүчү мекеме катары тандап алынган сценарийдин негизинде өз базасында гана тасма тартат.

«Кыргызфильмдин» жетекчиси киностудияда жылына заявка боюнча болжолдуу 3 толук метраждуу көркөм тасма, 2-3 толук метраждуу документалдуу фильм, 1-3 кыска метраждуу көркөм тасма, 4-7 кыска метраждуу документалдуу фильм тартылып, 20 мүнөткө чейинки анимация жасаларын айтты.

Нарын Айып деген ким?

Сүрөт Нарын Айыптын Фейсбук барагынан алынды.

70 жаштагы Нарын Айып журналист катары белгилүү. Ал буга чейин мамлекеттик бир катар телеканалдарда иштеген.

Ошондой эле Айып «Заноза» басылмасынын негиздөөчүлөрдүн бири — басылма азыр Kaktus.media деп аталат.

2017-жылы Кыргызстандын бийлиги ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо боюнча «Заноза» басылмасына каршы доо арыз берген. Жогорку сот басылманын негиздөөчүлөрү Нарын Айып Атамбаевге 9 миллон сом төлөп бериши керек деп чечим чыгарган.

Соттук териштирүүлөрдөн улам «Заноза» басылмасы аталышын Kaktus.media деп өзгөртүүгө аргасыз болгон. Бир жылдан соң Атамбаев президенттикти өткөрүп бергенде «Заноза» басылмасынын койгон дооматынан баш тарткан.

Нарын Айыптын ысымы 2019-жылы «Азаттык» басылмасы Кыргызстандын чыгарылып кеткен 700 млн доллар жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу иликтөө жарыялаганда да аталган. Ал иликтөө чыккан соң «5-каналда» репортаж жарыялаган.

Анда Нарын Айып «Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов «иликтөө жүргүзбөй эле, колго тийген документтердин мазмунун айтып берген» деп айтып чыккан. Ошондой эле, ал «Азаттык» иликтөөнүн уландысын чыгарууну убадалап, бирок чыгарган жок деп сынга алган.

Самара Сагынбаева деген ким?

Сүрөт Самара Сагынбаеванын Фейсбук барагынан алынды.

Cамара Сагынбаева «МедиаХаб» басылмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал иликтөөчү журналист Али Токтакуновдун жубайы.

Сагынбаева журналист жана режиссёр катары белгилүү. Ал бир катар радиолордо иштеген.

Кийинчерээк ал Темир Бирназаровдун режиссёрдук курсун окуп бүтүргөн. Анын «Туяк» деп аталган алгачкы документалдуу тасмасы 2016-жылы «Үмүт» кинофорумунда «Мыкты документалдуу тасма» наамын алган.

Ошондой эле Сагымбаева Чехиянын Прага кино академиясында (FAMU) билим алып жатат. Анын «Селкинчек» тасмасы эл аралык бир катар фестивалдарда байгелүү сыйлыктарга ээ болгон.