УКМК имам Дооловдун чуулгандуу насааты боюнча арызды Башкы прокуратурага жөнөттү

УКМК Бишкектин Свердлов районунун имамы Садыбакас Дооловдун чуулгандуу насаатына байланыштуу арызды Башкы прокуратурага өткөрүп берди. Бул тууралуу 24.kg басылмасына арыз ээлеринин бири маалымдады. Ал күн мурун атайын кызматтан арыз УКМКдан Башкы прокуратурага өткөнү тууралуу кат алган.

Атайын кызматтын Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы У.Т. Султановдун атына жазылган катында жамааттык арыздын материалдары кийинки кароого өтүшү үчүн көзөмөл органына берилип жатканы айтылат. Башкача айтканда, Башкы прокуратура келип түшкөн арыз боюнча өндүрүштү ким жүргүзө турганын чечиши керек.

Аталган арызда активисттер Умай Арыкова менен Махинур Ниязова имам Доолов аялдардын кийимин көзөмөлгө алууга чакырып, аялдардын укуктарын бузуп, басмырлап жатат деп жазышкан.

Алар Дооловдун насааты «Адамдын тең укуктуулугун бузуу» беренесине дал келет деп эсептешет.

Имамдын чуулгандуу насааты

Июлдун башында социалдык түйүндөрдө Садыбакас Дооловдун тоюттун кымбатташынан тышкары, эттин баасынын кымбатташы аялдардын кийген кийимине байланыштуу деп айткан видеосу тараган.

Бул соцтүйүндөрдө кызуу талкуу жаратып, имамга карата сындар айтылган.

Доолов өзү кийинчерээк сөзү «контекстен үзүлүп алынып, мааниси бурмаланып калганын» айткан. Ал эт кымбаттады деп айткандан мурда «ар бир адам мүнөзүн, адебин, тарбиясын таразалашы» керек деп кошумчалаган.

«Жөн эле падышага, элге, базарга шылтай бербей дегем. Эт кымбаттады дейсиңер бирок аялзатынын, апалардын, эжелердин денелери ачык жүргөндө эмнеге намыстанбайсыңар деген сөздөр бар болчу», — деген имам.

Кийин Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан дин кызматкери видеодо жазылган сөздөрдү эмне максатта айтканы текшерилгенин, анда бузуу аныкталбагын билдиришкен. Муфтияттан имамдын айткандарын үч критерий менен карап чыкканын да кошумчалашкан.

«Ошентип, текшерүүнүн жыйынтыгында Дооловдун айткандары шариятты бузган эмес, саясатка аралашуу жок жана эч кимдин кадыр-баркына шек келтирген эмес», — деп белгилешкен Муфтияттан.

Анда Доолов менен баарлашуу жүргүзүлүп, айта турган сөздүн мааниси элге толук жетпей калганы аныкталган.

Материалдын автору Аделя Именова