Жалал-Абад: Эс алуучу жайга бараткан жолдо унаа оодарылып кетип, бир адам каза болду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылындагы жол кырсыгынан бир адам каза болду. Кырсыктан дагы жети адам жабыркады — биринин абалы оор.

Маалыматка ылайык, окуя 29-июлда «Турбаза» эс алуучу жайына бара жаткан жолдо болгон. Анда эс алуучуларды ташыган «Лабо» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен Сузак районунун 43 жаштагы тургуну окуя болгон жерде каза тапкан. Мындан сырткары, дагы 19, 16, 15, 13, 13 жана 9 жаштагы балдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Ал эми 41 жаштагы аял Базар-Коргон райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Үстүбүздөгү жылдын 26-июлунда Ош шаарында жол кырсыгы катталып, үч адам каза тапкан.

Кырсык түнкү саат 01:30 чамасында Сулайман-Тоонун маңдайындагы Гапар Айтиев көчөсүндө катталган. Анда айдоочусу рулга ээ боло албай жарнак тактасын сүзүп токтогон.

Жол кырсыктары

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2017-жылдан 2021-жылга чейин жол-транспорт кырсыктарынан 4006 киши каза тапкан. Ал төрт жылдын ичинде 32 миң жол-транспорт кырсыгы катталып, жалпы 49 639 адам түрдүү жаракаттарды алганын айткан.

2021-жылы өлкөдө 7 437 транспорт кырсыгы катталган, бул көрсөткүч 2020-жылдагыга салыштырмалуу 22,9%га көп. Кырсыктын кесепетинен 800дөн ашык адам каза тапкан.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын февралында ИИМге жол-транспорт кырсыктарынын санын 50%га азайтуу тапшырмасын берген.

Ал эми ички иштер министрлиги үстүбүздөгү жылдын төрт айында эле Бишкек — Ош унаа жолунун 6-60-чакырымында 74 жол кырсыгы катталып, 12 адам көз жумганын билдирген. Кырсыктарынан 96 адам ар кандай жаракат алган.