Прокуратура кримтөбөл «Дөө Чыңгыздын» өлүмүн иликтей баштады

Жазаларды өтөө мекемелериндеги мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратура (Атайын прокуратура) «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө байланыштуу иликтөөнү баштады. Бул тууралу «Клооптун» кабарчысына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Ал кылмыш иши «Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү» беренеси менен козголгонун айтты. Шектүү азыркы тапта камакта.

«Бишкектин № 1 тергөө абагынын жетекчилиги боюнча иш атайын прокуратурага каттоого алынды. Азыр иликтөө башталды, бүткөндөн кийин жетекчиликке юридикалык баа берилет», — деп билдирди Камолидинов.

Дөө-Чыңгыздын киши колдуу болушу

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү 30-июлда ТИЗО-1де табылган. Ал киши колдуу болгону белгилүү болгон.

Жаза аткаруу кызматынан Жумагуловду камерада чогуу олтурган киши өлтүргөнүн мойнуна алды деп маалымдашкан. Мекеменин маалыматына караганда, буга «жекече пикир келишпестиктер» себеп болгон.

Ал арада Kaktus Media басылмасы жеке булактарына таянып, «Дөө Чыңгызды» өлтүрүүгө шектелген кишинин аты Доорон экенин жазды. Алдын ала маалыматтарга караганда, Доорон Камчы Көлбаевдин Адилет Касенов аттуу жакын кишисинин тобунда жүргөн жана УКТнын «капчыгы» деп саналчу.

Басылманын жеке булагы Чыңгыз Жумагулов «мыйзамдагы ууру» болууну көздөп жүргөн, өлтүрүүнүн себеби да ушул болушу мүмкүн деп билдирген.

Кийинчерээк ЖМКнын булагы кримтөбөлгө 18 жолу бычак сайылганын кошумчалаган. Бул тууралуу соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында да маалым болгон. Бычак көбүнесе моюн тушуна жана денесинин үстүңкү бөлүгүнө урулганы белгиленген.

Ошол эле күнү ТИЗО-1дин жанында маркумдун жакындары чогулган. Алардын арасында Жумагуловдун аялы жана байкеси да болгону айтылды.

Депутат Дастан Бекешев жогорку кызматтагы адамдардын аралашуусусуз кримтөбөлдү өлтүрүү мүмкүн эмес болчу деп эсептейт. 1-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Чынгыз Джумагулов

Чыңгыз Жумагулов кримдүйнөсүндө «Дөө» деген каймана аты менен белгилүү жана ал 2019-жылы апрелде башка адамдар менен бирге эки адамды аёосуз сабоого шектелип кармалган. Кийин жабыркаган эки адам алган жаракаттарынан улам каза тапкан. Жабыркагандар менен кармалгандар УКТ мүчөлөрү болгону кабарланган.

2020-жылдын 19-июнунда Биринчи Май райондук соту Жумагуловду «Ээнбаштык» беренеси менен күнөөлү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Ал эми «Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү» жана «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренелери боюнча актаган.

«Дөө Чыңгыз» буга чейин да «Адам өлтүрүү аракетин уюштуруу» беренеси менен 18-жылга кесилген.

Ошондой эле, Жумагуловду «Камчы Көлбаевдин УКТсынын жигердүү мүчөсү» деп айтып жүрүшөт. Бирок ал кылмыш дүйнөсү жана Көлбаев менен байланышы болгонун төгүндөгөн. Мындан сырткары, Жумагулов президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүү боюнча шектүүлөрдүн бири болгон.