Матраимовдун тарапташы президенттин маалыматтык саясат кызматын жетектейт

Журналист Дайырбек Орунбеков президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматына жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон 3-августта билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Аталган кызматты буга чейин Алтынбек Жумаев жетектеген. Ал 3-августта президент Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды.

Дайырбек Орунбеков ким?

Журналист Дайырбек Орунбеков коррупционер экенин моюнуна алган экс-бажычы Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн тарапташы. Анын Матраимовдорду коргогон фейк-фермалар менен байланышы бар болгону да аныкталган.

Ошондой эле ал Райымбек Матраимовду колдогон билдирүүлөрү менен дагы белгилүү. Ал буга чейин «Матраимов бажыда иштеп турганда бизнес үчүн жакшы болчу» деген аргументин айтып, кыргыз бажысындагы аткезчилик жана коррупция тууралуу иликтөө жасаган журналисттерди сынга алган.

Орунбеков өзү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин режимин сындап жүргөн. Башкы прокуратура Орунбековдун макаласынан улам Атамбаевдин «ар-намысы жана кадыр баркын» коргоп журналистти сотко берип, ишти утуп алган.

Журналист мурдагы президентке келтирген моралдык зыяны үчүн 2 млн сом компенсация төлөп бериши керек болгон. Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланган соң иш кыскарганы белгилүү болгон.

Андан Орунбеков мурдагы эмгек жана cоциалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кеңешчиси болгон. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин «Манас» аэропортунун жетекчиси Бактыбек Сыдыковго кеңешчи болуп дайындалган. Көп өтпөй Сыдыков кызматтан алынып, Орунбеков да иштен кеткен.

Дайырбек Орунбековдун ысымы Temirov Live’дын «"Кыргыз темир жолундагы" миллиарддар кайда кетет?» аталышындагы журналисттик иликтөөдө да аталган.

Анда Дайырбек Орунбеков ишканада башкы адис болуп иштегени белгилүү болгон. Ал эми «Кыргыз темир жолунун» тендерлерин уткан компаниялардын банктык эсептериндеги аракеттерде «кылмыштуу кирешелерди адалдоо белгилери» бар экени айтылган.

Ал эми 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоого Орунбеков №11 Алай округунан арыз берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Матраимовдун тарапташы баалардын өсүшүнө иликтөөчү журналисттерди айыптады

Кыргызстанда фейктер фабрикасы кантип түзүлөт жана алардын акысы канча турат?