Матраимовдун тарапташы Дайырбек Орунбеков парламенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Искендер Матраимов жана Дайырбек Орунбеков

Журналист Дайырбек Орунбеков парламенттик шайлоого №11 Алай шайлоо округунан катышуу үчүн БШКга арыз берди.

Орунбеков менен бирге Алай шайлоо округунан депутаттар Улан Примов жана Өскөнбай Жээнбаев, экс-депутат Жаманкул Галдыбаев, Ош шаардык кеңешинин экс-депутаты Абдисаит Каримбеков, ОшМУнун проректору Замирбек Бөжөнов, Санжар Ибраимов, Бакытбек Саипов, Улукмырза Тоотаев жана Маматурайым Кадырбердиев катышат.

Мурда оппозициячыл журналист болгон Орунбеков 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «бийликчил» делген «Биримдик» партиясын колдогон. Ал «Биримдиктин» талапкери, мурдагы эмгек жана cоциалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кеңешчиси болгон.

Ошол эле учурда журналист таасирлүү Матраимовдордун үй-бүлөсүн коргогон фейк-фермалар менен байланышы бар болгону аныкталган.

Дагы окуңуз: Кыргызстанда фейктер фабрикасы кантип түзүлөт жана алардын акысы канча турат?

Ал эми өткөн жылы октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашып, Орунбеков «Манас» аэропортунун жетекчиси Бактыбек Сыдыковго кеңешчи болуп дайындалган. Көп өтпөй Сыдыков кызматтан алынып, Орунбеков да иштен кеткен.

Ошондой эле Орунбеков экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын иниси Асылбек Жээнбековду колдоп келет — учурда ал «Кумтөр ишинин» алкагында тергөө абагында кармалууда.

11-июлда Бишкек жана Ош шаардык кеңешке шайлоодо Орунбеков «Биздин Кыргызстан» партиясын колдогон. Партияны депутат Айбек Осмонов негиздеген. Осмонов «Мекеним Кыргызстандын» да негиздөөчүсү, бирок ал партияны Матраимовдорго «тарттырып жибергени» айтылып келет.

Factcheck.kg басылмасынын журналисттери «Биздин Кыргызстан» менен «Мекеним Кыргызстан» партияларын салыштырып, алардын байланыштарын таап чыгышкан. Мисалы, мурда Бишкек шаардык кеңешине «Мекеним Кыргызстан» менен баргандар кайра шайлоодо «Биздин Кыргызстандын» катарында ат салышкан.Орунбеков коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган Матраимовду колдогон билдирүүлөрү менен дагы белгилүү. Ал Матраимов бажыда иштеп турганда бизнес үчүн жакшы болчу деген аргументин айтып, кыргыз бажысындагы аткезчилик жана коррупция тууралуу иликтөө жасаган журналисттерди сынга алган.

Анда ал журналисттердин иликтөөсү Кытайдан ташылган товарлардын баасынын өсүшүнө алып келди деп айыптаган. Анын айтымында, мурда товарлар Кыргызстанга түз келип турган, эми болсо Казакстан аркылуу ташылып жатат.

«Кыргыз темир жолу» ишканасына байланыштуу иликтөө

Дайырбек Орунбековдун ысмы Temirov Live’дын «"Кыргыз темир жолундагы" миллиарддар кайда кетет?» аталыштагы журналисттик иликтөөдө да аталган. Аталган иликтөөдө ишкананын жүздөгөн миллион сом баадагы тендерлерин кайсы компаниялар утканы тууралуу айтылат.

Журналисттер Орусиянын мамлекеттик органдары «Кыргыз темир жолунун» тендерлерин уткан компаниялардын банктык эсептериндеги аракеттерде «кылмыштуу кирешелерди адалдоо белгилери» бар болгонун аныктаганын ачыкташты. Ошондой эле, иликтөөчүлөр аталган компаниялардын негиздөөчүлөрү Каныбек Туманбаев менен байланышы бар болгонун айтышкан.

Туманбаев — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «шоопуру» Икрам Илмияновдун ишенимдүү кишиси. Ал парламенттик шайлоолорго бийликчил болгон КСДП (2015-жыл) жана «Биримдиктин» (2020-жыл) катарында болгон.

Өз убагында Туманбаев ээлик кылган «Кош-Тамчы» ЖЧКсын Баатырбек Жантаев да жетектеген. Жантаев «Кыргыз темир жолу» жарыялаган тендерлердин бирин дээрлик 55 млн сомго утуп алган «Сай-Аска» ЖЧКсына ээлик кылган. Кийинчерээк Жантаев өзү «Кыргыз темир жолуна» кызматка дайындалган.

«Кыргыз темир жолу» ишканасында Дайырбек Орунбековго да орун табылган — журналисттердин колуна тийген документтерде ал «башкы адис» болгону көрсөтүлгөн. Ал эми Орунбеков соцтармактарында бир үйдүн короосунан түшкөн сүрөттөрү менен бөлүшүп турат — аталган үй Баатырбек Жантаевге катталган.

Кийинчерээк Орунбеков бул иликтөөгө реакция кылып, Жантаев жана Туманбаев менен «ага-инилик мамиледе» экенин ырастаган. Ошондой эле ал иликтөөдө аталган тендерлер 2015-2017-жылдары өткөнүн, ага тиешеси жоктугун белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«176 млн сомдук тендер». Темир жолдун жетекчиси кантип мамлекеттик ишкананы «тоногон»?

Дашков, түрк компаниясы, Максаттагы кыйраган үйлөр. Булардын кандай байланышы бар?