Кадамжай: Тойдо тамакка ууланган адамдардын саны 108ге жетти

Баткен облусунун Кадамжай районундагы үйлөнүү тойдо тамакка уулангандардын саны 108 адамга жетти. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, уулангандардын ичинен 23 киши ооруканада жатат, алардын экөө жаш бала. Калгандары үй шартында дарыланууда.

Кадамжай районунда массалык уулануу катталганы 31-июлда белгилүү болгон.

Анда департаменттен 89 киши ууланганын айтышкан. Жабыркагандар 30-июлда «Алмаз» кафесинде тойдо болушкан. Үлпөт тойго жалпы 250 киши барган.

«Иш-чаранын менюсунда үч түрдүү салат, дарбыз-коон, мөмө-жемиштер, тоок грили жана ысык тамак болгон. Ошол эле учурда, салаттар менен кайнатылган этти той ээлери өздөрү бышырып, кафеге алып келишкен», — деп билдиришти мекемеден.

1-августта санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү кафени текшерген. Ишкананын ээсине укук бузуулар аныкталганы тууралуу протокол жазылып, анын негизинде айып пул салынары айтылган. Кафе убактылуу жабылган.