Качандыр Кыргызстанга барам — италиялык тиктокер Алессандро Карузо

Италиялык тиктокчу Алессандро Карузо качандыр бир кезде Кыргызстанга келип кетүүнү ниеттенет. Бул тууралуу ал Super TV телеканалына курган маегинде билдирди.

Маекте тиктокчу кыргыз тилин түшүнбөсүн, бирок кыргыз ырлары абдан жагарын айтты.

«Мурда Кыргызстан жөнүндө билчү эмесмин. Бир жолу бир жакшы ырды угуп калдым, каякта чыгарылганын издесем, кыргызча болуп чыкты. Ошентип кыргыз музыкасына кызыгып, ал аркылуу Кыргызстан жөнүндө биле баштадым. Кыргыз ырлары абдан жагымдуу экен. Бишкек дагы кооз шаар экен. Кыргызстанга кубанууу менен келип кетет элем. Албетте, аны деле уюштура койсо болот. Кудай буйруса, качандыр Кыргызстанга барып кетем», — деди Карузо.

Ал 44 жашта экенин, үй-бүлөсү менен кийим-кечек саткан дүкөнгө ээлик кыларын, соцтүйүндөрдү активдүү колдонорун дагы кошумчалады. Айтымында, тиктокторду пандемияда, дүкөнүн жабууга туура келген убакта тарта баштаган.

Тиктокчунун айтымында, музыка аркылуу дүйнөдү жана башка маданияттарды тааныгысы келет.

Италиялык тиктокер Алессандро Карузо кыргыз ырчысы Бактияр Токторовдун «Буй буй» аттуу ырына бийлеген видеосун жүктөп таанымал болгон. Ролик 4 миллион жолу көрүлгөн. Карузонун Tik-Tok түйүнүндөгү барагында 600 миңден ашуун катталуучусу бар.

Тема боюнча окуңуз: Италиялык блогер жана плагиатка айыптоо. «Буй буй» ырынын айланасында эмне болуп жатат?