Сузакта арзан баадагы азыктар сатылган социалдык дүкөн ачылды

Сүрөт: Сузак райондук администрациясы

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда социалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу 3-августта райондук администрациядан «Клоопко» билдиришти.

Маалыматка караганда, дүкөндө биринчи керектелүүчү азыктар базар баасынан 50-100 сомго арзан сатылат. Демилге базар бааларын туруктуу кармап туруу үчүн ишке ашырылган.

Социалдык дүкөндөгү азык-түлүктүн баалары төмөнкүдөй:

  • Ун (1-сорт, 50 кг) — 1 600 сом;
  • Ун (2-сорт, 50 кг) — 1 150 сом;
  • 1 литр май — 140 сом;
  • 3 литр май — 420 сом;
  • 5 литр май — 680 сом;
  • Уй эти — 420 сом;
  • Кой эти — 480 сом;
  • Кир самын — 25 сом;
  • Дарбыз (1 кг) — 12 сом;
  • Коон (1 кг) — сом;
  • Күрүч — 80 сом.

Администрациядан социалдык дүкөндөрдү башка аймактарга да ачуу пландалып жатканын кошумчалашты.

Өлкөдөгү кымбатчылык

Улуттук статистика комитети 12-июлда Кыргызстанда жыл башынан бери тамак-аш жана алкоголдук эмес суусундуктардын баасы 12,5%га кымбаттаганын билдирген.

Бирок президент Садыр Жапаров 30-майда журналисттерге курган маектеринин биринде Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы «эң эле арзан экенин» айткан.

«Кошуна мамлекеттер эле эмес, дүйнө жүзү боюнча салыштырып көрсөңөр тамак-аш боюнча эң арзан мамлекет бул - Кыргызстан. Изилдеп салыштырып көрсөңөр толук ынанасыңар», — деген ал.

Ал эми «Клооптун» журналисттери негизги азык-түлүктөрдүн бааларын талдап чыгып, 2019-жылдын апрелинин аягынан бери азык-түлүктүн баасы орто эсеп менен бир жарым эсе кымбаттаганын аныкташкан.

Баалардын кымбатташына биринчи кезекте COVID-19 пандемиясы жана мамлекеттердин чек аралары жабылганы, андан кийин Украинадагы согуш таасир эткен.

Көбүнесе суу майдын жана кумшекердин баасы эки эсе өскөн. Ундун баасы бир жарым эседен ашык кымбаттаган. Баарынан да эттин баасы жогорулаган.

Жалпы айтканда талдоо баалар дээрлик ай сайын, падемия башталгандан бери өсүп жатканын көрсөтүп турат. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча азык-түлүк продукцияларынын жана суусундуктун бааларынын өсүшү дээрлик 18%ды, ал эми 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча — 13%ды түзгөн.

Бирок ал арада калктын кирешеси алда канча жай өсүп жатат. 2020-жылдын декабрында орточо айлык маяна 13,5%га, ал эми 2021-жылдын декабрында 9,7%га өскөн. Демек, кыргызстандыктардын маянасы азык-түлүктү көп алууга жетпей баратат.