Президент бир нече жергиликтүү соттун судьяларын дайындады

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунун, Каракол шаарынын жергиликтүү сотуна судьяларды дайындады. Президентке талапкерлерди Сот адилеттиги боюнча кеңеш сунуштады.

Маалыматка ылайык, Сот адилеттиги боюнча кеңеш беш талапкерди сунуштаса, Жапаров алардын төртөөнү жактырды.

Жалал-Абад облусунун судьялыгына Бекмухаммет Мусурманкулов, Ысык-Көл облусунун судьялыгына Нурила Каипова дайындалды. Ал эми Каракол шаардык сотунун судьясы катары Талайбек Эралиев, Жети-Өгүз райондук сотунун судьясы болуп Нуркалый Асаналиев бекитилди.

Ал эми Сот адилеттиги боюнча кеңеш сунуштаган бир талапкердин арызы четке кагылды.

Сот системасын реформалоо

Садыр Жапаров бийликке келгенде бир нече ирет сот системасын сындап, сот-укуктук реформасы жүргүзүлөрүн жарыялаган.

Май айында болсо Жапаров жергиликтүү соттордун деңгээлинде масштабдык ротация жүргүзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Бийлик 312 сот кызматкерин ротациялоо сот тутумунун көз карандысыздыгын камсыздоого, судьялардын адискөйлүгүн жогорулатууга, анын ичинде кызыкчылыктар кагылышы менен коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет деген үмүттө.

Ал эми 5-августта президент Жогорку соттун судьялар менен жолугуп, бийлик судьялардын иши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берерин убадалаган. Анын айымында, ротацияланган судьяларды кызматтык турак-жай менен камсыз кылуу, облус борборлорунда судьялар үчүн заманбап имараттарды куруу иштери кызуу жүрүп жатат.

Тема боюнча:

Президент сотторго 300 турак жай салынарып айтып, алардан таза жана адилеттүү иштөөнү талап кылды