Ош: Журналист Шохрух Саипов коркутууларга кабылып жатканын айтты

Шохрух Саипов

Ошто өзбекстандыктардын укуктарына байланыштуу көйгөйлөрдү чагылдырып келген журналист Шохрух Саипов коркутууларга кабылып жатканын айтты. Бул тууралуу ал 8-августта өзүнүн Фейсбук барагына жазды.

Саиповдун айтымында, коркутуулар ал Ош аэропортундагы жана «Достук» өткөрмө бекетиндеги таксисттердин чет элдиктерге өкүмзордугу боюнча айтып чыкканда башталып, ушул күнгө чейин уланып жатат.

«Бирөө мени чагымчылдыкка, бири улут аралык кастыкты козутууга айыптап жатат. Дагы бири "мени түрмөгө камаш керек экенин" айтат. Тааныштарымдан менин номеримди да сурап жатышыптыр», — деди Саипов.

Журналист коркутууларга карабай бул көйгөйдү чагылдыра берерин белгиледи.

«Мен мындай коркутууларга карабай, маселе чечилип, кырдаал жакшы жакка өзгөрмөйүнчө көйгөйдү чагылдыра берем. Мен силерге [коркутуп жаткандарга] караганда өз өлкөмдүн патриотумун. Коноктордо менин өлкөм тууралуу жаман таасир калышын каалабайм», — деди ал.

Саипов 4-августта Ош ОИИБге сурак берип чыккан. Буга анын 21-июлда Ош аэропортунда таксисттердин өкүмзордугуна кабылганы боюнча пост жазганы себеп болгон. Мындан улам ал Ош ОИИБге сурак берген.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын февралында ал «Достук» өткөрмө бекетиндеги таксисттердин чет элдиктерге жасаган орой мамилеси тууралуу айтып чыгып, бул боюнча да милицияга чакырылган.

Таксисттердин өкүмзордугуна соцтармактар аркылуу Өзбекстандын жарандары да даттанышкан. Учурда бул маселе боюнча Ош ОИИБи териштирүү жүргүзүп жатат.

5-августка карата Ош аэропортундагы 105 таксист милицияга чакырылып, 25исурак берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Аэропорттогу таксисттердин Өзбекстандыктарга кылган мамилеси боюнча 105 таксист суракка чакырылды

Журналист Шохрух Саипов таксисттердин маселеси боюнча милицияга сурак берди