Журналист Шохрух Саипов таксисттердин маселеси боюнча милицияга сурак берди

Сүрөт Саиповдун Фейсбук барагынан алынды.

Журналист Шохрух Саипов 4-августта Ош ОИИБге чакырылды. Саипов өзү «Клоопко» Ош аэропортундагы таксисттердин маселеси боюнча сурак бергенин билдирди.

«Баары жакшы эле өттү. Аэропорттогу таксисттер менен болгон окуя боюнча айтып бердим», — деди ал.

Саипов 21-июлда өзүнүн Фейсбук барагына пост жазган. Анда ал Орусиядан кайтып келе жаткан өзбекстандык тааныштарын күтүп алганы барып, Ош аэропортундагы таксисттердин өкүмзордугуна кабылганын билдирген.

Журналисттин айтымында, таксисттер анын 4 таанышын ороп алышып, алардын унаасына отурууга мажбурлашкан. Саипов кишилерди күтүп алганы келгенин айтканда, аны коркута башташкан.

«Алар мени менен экенин айтсам такыр реакция кылышкан жок, “бирөө сени мени менен кетсин, үчөө калат” дешти. Милициядан жардам суроого туура келди. Бактыга жараша, алар мага жардам беришти. Андан соң таксисттер нааразы болушуп, мени коркутуп, чагымчылдыкка айыпташты», — деген ал.

Саипов бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырып, өзбек жарандарынын коопсуздугу камсыздалышы зарыл экенин айткан.

Журналист көбүнчө өзбекстандык жарандардын укуктарынын бузулушуна байланышкан темаларды көтөрүп келет. Үстүбүздөгү жылдын февралында ал «Достук» өткөрмө бекетиндеги таксисттердин чет элдиктерге жасаган орой мамилеси тууралуу айтып чыгып, бул боюнча милицияга да чакырылган.

Ош аэропортундагы таксисттерге нааразычылык

Бул аэропорттогу таксисттердин өкүмзордугуна биринчи жолку эле даттануу эмес. Буга чейин өзбекстандык жаран да таксисттерге нааразы болуп, кайрылуу жасаган.

Ал бул маселеге укук коргоо органдары көңүл бурбай жатканын айтып, «мамлекет карабайбы» деп суроо салган.

Ал эми Ош ОИИБи 2-августта анын даттануусу боюнча териштирүү башталганын билдирген. Ошондой эле Ош аэропортундагы жана «Достук» чек ара бекетиндеги таксисттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлү жатканы айтылган.

Ведомстводон айдоочулардын чет элдиктерге карата орой мамилеси боюнча 14 кайрылуу түшкөнүн айтышып, анын 7 учуру боюнча териштирүү жүрүп жатканын кошумчалашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жыргаганынан Оштон учпайт». Депутат таксисттерди өзбекстандыктарга өкүмзордук кылбоого чакырды

«Унаага зордоп салышат». Өзбекстандыктардын Оштогу таксисттерге даттануусу териштирилүүдө