Токмок: «Гавайи» кафесинин тушунан 6 жашар баланы унаа коюп кетип, ал жеринен каза тапты

Чүй облусундагы Токмок — Бишкек жолунда жайгашкан «Гавайи» кафесинин тушунан 6 жашар баланы унаа өлтүрө коюп кетти. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, кырсык 7-август күнү кечинде болгон. Жолго кокустан чуркап чыккан баланы Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен. Ошол эле унаа кайра Kia Rio жеңил унаасын барып сүзгөн. Эки унаа тең айып короого жеткирилген.

Жол кырсыгынын натыйжасында бала жеринен көз жумган. Бул иш боюнча экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Кыргызстандагы жол-транспорт кырсыктары

Кыргызстанда жыл сайын жол-транспорт кырсыктары көбөйүүдө. 2021-жылы өлкөдө 7 437 транспорт кырсыгы катталган, бул 2020-жылдагыга салыштырмалуу 22,9%га көп. Анда жол-транспорт кырсыктарынан 800дөн ашык адам каза тапкан.

CABAR.asia аналитикалык порталынын журналисттери акыркы 10 жылда аварияларда 10 миңден ашык киши каза тапканын эсептеп чыгышкан.

«Жол кырсыктарынын 95%ы адамдык фактор себеп, башкача айтканда, айдоочулар эреже бузушат же жол кыймылынын эрежелерин билишпейт. Андан тышкары, алардын көпчүлүгү жолдо жүрүү маданиятын сакташпайт», — деген ЖКККББнын жетекчиси Азамат Исраилов 2021-жылдын сентрябрында.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын февралында ИИМге жол-транспорт кырсыктарынын санын 50%га азайтуу тапшырмасын берген.