Ош улуттук драма театрына Керимбек Калыкулов жетекчи болду

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрына Керимбек Калыкулов жетекчи болду. Маданият министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу аны 10-августта жамаатка тааныштырды.

Маалыматка караганда, аталган кызматка сынак жарыяланып, ага ондогон талапкерлер билдирме беришкен. Атайын комиссия Калыкуловдун талапкерлигин жактырган.

Драма театрдын директору болуп буга чейин Шералы Бекташев иштеген.

Калыкулов ким?

Керимбек Калыкулов өткөн жылдын октябрында мэриянын коомчулук менен байланыш кызматына жетекчи болуп дайындалган. Бирок бир айдан кийин кызматын тапшырган.

Калыкулов муну мэриянын расмий баракчасынан экс-мэр, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкери Таалайбек Сарыбашовдун үгүт материалы бөлүшүлүп кеткенине байланыштырган.

Сарыбашовдун үгүт видеосу Ош мэриясынын баракчасынан Фейсбуктагы тайпалардын бирине бөлүшүлгөн. Анда мэриядан кызматкерлердин буга тиешеси жок экенин билдиришкен.

Ал эми мурдагы басма сөз катчы, Сарыбашовдун үгүт штабында иштеген Азамат Абсаттаров материалды «байкабастан бөлүшүп алган болушу мүмкүн экенин» айткан. Кийинчерээк Ош АШКсы окуяны иликтемей болгон.

Калыкулов мэрияга кызматка келгенге чеймин ОшТВ мамлекеттик телеканалында башкы директор болуп турган. Ошондой эле 2020-жылы ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясын жетектеген.

Мындан сырткары ал калаанын «Ош шамы» гезитинде башкы редактор, ОшМУнун «Нур» гезитинде редактор жана «Үмүт» телестудиясында жетекчилик кызматтарда иштеген.