Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматын Керимбек Калыкулов жетектейт

Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматын конкурстук тандап алууга чейин Керимбек Калыкулов жетектейт. Тиешелүү буйрукка мэр Алмаз Мамбетов кол койду.

Калыкулов аталган кызматка келгенге чейин ОшТВ мамлекеттик телеканалында башкы директор болуп турган. Ошондой эле 2020-жылы ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясын жетектеген.

Мындан сырткары ал калаанын «Ош шамы» гезитинде башкы редактор, ОшМУнун «Нур» гезитинде редактор жана «Үмүт» телестудиясында жетекчилик кызматтарда иштеген.

Ал эми мэриянын коомчулук менен байланыш кызматын экс-мэр Таалайбек Сарыбашовдун тушунда Азамат Абсаттаров башкарган. 2-августта Сарыбашов Бишкек мэринин убактылуу милдетин аткаруучу болгондо Абсаттаров ага кеңешчи болуп дайындалган.

Бирок 10 күндөн кийин Сарыбашов өз арызы менен кызматын тапшырып, парламенттик шайлоого катышаарын билдирген. Анда Абсаттаров да кеңешчи кызматынан кеткен.