Бишкектеги «Азия Молл» курчоодо. Активист Илгиз Шаменов унаасынан граната табылганын айтууда

11-августта Бишкек шаардык жана Ленин райондук милициясы 13:56 чамасында «Азия Молл» соода борборунда жардыруучу зат бар экени тууралуу маалымат түшкөнүнө байналыштуу имаратты курчоого алып, адамдарды эвакуациялады.

Райондук милиция учурда соода борбордун аймагында зарыл болгон издөө иштери жүрүп жатканын белгилеп, окуянын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

24.kg басылмасы өздүк булактарына таянып, активист жана ишкер Илгиз Шаменовдун унаасынын алдынан граната табылганын жазып чыкты.

Шаменов өзү да унаасынын алдынан жардыруучу зат табылганын тастыктап, журналисттерге маалымат берди.

«“Азия Моллдогу” соода борборуна кирейин деп, машинамды унаа жуучу жерге токтотуп койгом. Жууп жатканда билинди, зым салаңдап калыптыр. “Эмне зым” деп айдоочумду жиберсем, “Алдында граната байлануу экен” деп атпайбы. Азыр милиция чакырдык, башка нерсе айта албайм», — деди ал.

Ал эми соцтүйүндө Шаменов өзүн жаман сезип, тез жардам унаасында жаткан видеосу тарады.

Илгиз Шаменов деген ким?

Илгиз Шаменов активист жана жеке ишкер катары белгилүү. Ал мурда Бишкек шаардык кеңешине «Социал-Демократтар» партиясынан депутат болгон.

Акыркы учурда ал соцтүйүндөрдө «Бишкек» эркин экономикалык аймагын жана мекеменин жетекчиси Кудрет Тайчабаровду сындап келет. Ошондой эле ал Нарындагы Жетим-Тоо кенин иштетүүгө бир нече жолу каршы чыккан.

Август айынын башында Шаменов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берген. Шаменовдун айтымында, атайын кызмат анын коррупция тууралуу айткандары боюнча «Бишкек» эркин экономикалык аймагы менен Айыл чарба министрлигин текшермек болгон.