УКМК Акыйкатчы аппаратын Низовскийдин иши боюнча тергөөгө кийлигишпөөгө чакырды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Акыйкатчы аппаратын Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовскийдин иши боюнча тергөөгө кийлигишпөөгө чакырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Комитеттен тергөө объективдүү өтүп жатканын айтып ишендиришти.

«Жазык-процесстик кодексинин ченемдеринде катышуучулар так аныкталган: тергөөчү, айыпкер, жактоочу, зарыл болгон учурда котормочу. Бирок, ага карабастан Акыйкатчынын өкүлдөрү тергөөчүнүн кабинетине келип, Низовскийдин катышуусунда тергөө амалдары жүргүзүлгөн», — деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

УКМКдан «гумандуулук жана адамгерчиликтин принциптерин жетекчиликке алуу менен Низовскийдин жаш курагы жана ден соолугунун абалы эске алынып, баш коргоо чарасын “үй камагына” өзгөртүү чечими кабыл алынганын» белгилешти.

Комитет Акыйкатчы аппаратын «популисттик пиардан алыс болууга жана жүргүзүлүп жаткан тергөө аракеттерине кийлигишпөөгө» чакырды. Ал жактан УКМКнын ТИЗОсунда жана убактылуу кармоочу жайында кармалгандарга, камакка алынгандарга Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрүнө тоскоолдуксуз кирип чыгуу камсыздаларын белгилешти.

УКМКнын кызматкерлери Юрий Низовскийди 9-август күнү кечинде кармашкан.

Ага карата коррупция иши боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясына ылайык, директор окуучуларды мектептин биринчи классына жана бала бакчага кабыл алуу үчүн акча алгып жүргөн.

Андан тышкары, УКМКдан Низовский өзүнүн мыйзамсыз мүлктөрүн жашыруу максатында аларды туугандарына жана ишенимдүү адамдарына каттаганын билдиришкен.

Анын жеке кабинетинде, үйүндө жана дачасында тинтүү жүргүзүлгөн. Анда «чет элдик валютадагы ири суммадагы акчалар, мүлктөрүнүн документтери» табылган. Андан кийин Низовский УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген.

Ошол эле күнү УКМКнын имаратынын алдында №61 мектепте окуган окуучулардын ата-энелери митингге чогулуп, Низовскийди бошотууну талап кылышкан.

10-августта Низовский 16-августка чейин үй камагына чыгарылган. Анын жактоочусу Икрамидин Айткулов Низовскийге тагылып жаткан «Коррупция» беренеси «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» алмаштырылганын билдирген.

Юрий Низовский 1991-жылдан бери №61 мектептин директорлук кызматын аркалап келет.

Буга чейин президент Садыр Жапаров билим берүү тармагын реформалоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 5 жылдан ашык директорлук кызматта иштеген мектеп жетекчилери кызматтан кетиши керек.

Президенттин жарлыгына ылайык, 966 мектеп директору кызматынан бошотулат. Ал эми алардын ордуна атайын конкурстук тандоодон кийин жаңы директорлор келет.