Бишкектеги мектептерди Билим берүү министрлигине өткөрүп берүү сунушталды

Бийлик Бишкектин муниципалдык мектептерин Билим берүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү сунушун караштырып жатат. Буга чейин мындай сунушту билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев берген.

Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачёва 12-августта мектептерди өткөрүп берүү маселеси министрлик аларды камсыздоого каражат тапкандан кийин чечилерин айткан.

«Борбор калаанын макамы жөнүндө» мыйзамга ылайык, кээ бир ведомстволор Бишкек мэриясынын башкаруусунда, анын ичинде мектептер дагы бар. Аларды каржылоого шаардык бюджеттен каражат бөлүнүп турат.

Мозгачёванын айтымында, Бишкек шаарынын билим берүү тармагына бюджеттен 4,7 млрд сомго жакын каражат бөлүнөт, анын 3,3 млрд сому кызматкерлердин эмгек акысына жумшалат.

Буга чейин билим берүү министри журналист Майраш Базлакуновага маек куруп, Бишкектин мектептерин Билим берүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү сунушу менен минкабга кайрылганын билдирген.

«Бишкек шаарында болуп жаткан алешемдиктер, көйгөйлөрдүн баарын Билим берүү министрлигине даректеп, эл сын-пикир айтса дагы, түздөн-түз жооп берүүчү мекеме биз эмеспиз. Анткени бул жактан ошол [Бишкек мэриясына караштуу Билим берүү] башкармалыгы [жооптуу], анан ошол эле учурда Бишкек мэриясы тарабынан бул суроолорго жооп берилиши керек. Ал жоопкерчиликтер бизге өтүш үчүн каржы булактары менен, республикалык бюджетке өтүп, эгерде бирдиктүү саясат жүргүзсөк, анда Билим берүү министрлигинен даректүү суроолорду сурап алса болот. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жогорку инстанцияларга [минкабга] кайрылдык», — деген министр.

Бирок ал борбор калаанын мектептерин Билим берүү министрлигинин башкаруусуна өткөрүү маселеси 2023-жылдан эрте чечилбесин, ага чейин каражат табуу зарыл экенин белгилеген.

Ведомствонун басма сөз кызматынан «Клоопко» мындайча түшүндүрмө беришти: билим берүү тармагында «бирдиктүү саясат киргизип», «жоопкерчиликтин баарын алыш үчүн» мектептерди Билим берүү министрлигинин башкаруусуна өткөрүү керек.

«Азаттыктын» маалыматына ылайык, Бишкекте жалпысынан 102 мектеп бар, алардын ичинен 5 мектеп Билим берүү министрлигине караштуу, калган 97си — муниципалдык мектептер.

Тема боюнча: Бир партада үчтөн окуучу. Кыргызстанга учурда 100дөгөн мектеп куруу зарыл!