Ислам шериктештиги оюндары: Кыргызстандык балбандар үч медаль утушту

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар үч медаль утушту.

Маалыматка ылайык, балбан Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күч сынашып, алтын байгени багындырды. Ал жалпы төрт беттеш өткөрүп, финалдык турнирде африкалык спортчуну 10:0 эсебинде жеңди.

Ошондой эле күрөштүн грек-рим түрү боюнча Тынар Шаршенбеков 63 килограммга чейинки салмакта күмүш медаль тагынды. Спортчу үч беттештин экөөнү жеңип, финалда ирандык спортчуга 2:4 эсебинде утулуп калды.

Ал эми, айымдар арасындагы эркин күрөш боюнча Далниз Сазанова 65 килограмм салмакта коло байге утту. Сазанова финалдык беттеште африкалык балбан менен кез келип, 8:2 эсебинде багынып берди.

Ушуну менен 2022-жылдагы Ислам шериктештиги оюндарындагы кыргыз спортчуларынун куржунунда жети медаль бар. Буга чейин балбан Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев эки алтын, ал эми Алмаз Сманбеков күмүш,Нуртилек Карыпбаев коло байге уткан.

Ислам шериктештиги оюндарынын расмий ачылышы 9-августта Түркиянын Конья шаарында өткөн. Ага түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган да катышкан.

Ачылышта Кыргызстандын желегин улуттук курама команданын капитаны, балбан Атабек Азизбеков менен жеңил атлетчи Айнуска Калил кызы көтөрүп чыккан.

Чемпионат 18-августка чейин уланат. Ага 56 мамлекеттен төрт миңге жакын спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн 483 комплект медал үчүн күч сынашууда. Ал эми мелдешке Кыргызстандан 25 спортчу катышып жатат.