Ош: Аз камсыз болгон 350 үй-бүлөгө чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилет

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунда аз камсыз болгон 350 үй-бүлөнүн чакан бизнес долбоорлорун колдоо үчүн 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, колдоо «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган үй-бүлөлөргө көрсөтүлөт. Калоочулар чакан бизнес долбоорлорун жазып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылышы керек.

Долбоорлорду атайын комиссия карап чыгып, ишке ашырууга мүмкүн болгондорун тандап алышат. Жалпысынан облус боюнча жети райондун ар биринен 50дөн үй-бүлө тандалып алынат.

Обладминистрациядан учурда жер-жерлерде атайын комиссия иштеп жатканын кошумчалашты.

Буга чейин Бишкек шаарында аз камсыз үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн 35 млн сом бөлүнгөн. Анда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкө боюнча «Социалдык контракт» долбоорун ишке ашырып жатканы белгилүү болгон.

Долбоор үчүн бюджеттен жалпысынан 282 млн сом бөлүнгөн. «Соцконтракт» аз камсыз болгон үй-бүлө же алардын тобу менен аймактык бөлүмдүн ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө келишим катары иштей турганы белгиленген.

Долбоордун максаты төмөнкүлөр экени айтылган:

  • үй-бүлөлөрдүн эркин эмгектик жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу иштерге тартуу;
  • үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын жүрүм-турумунун көз карандылык мотивин азайтуу;
  • чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
  • жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү.

Жакырчылыктын деңгээли

Улуттук статистика комитетинин сурамжылоосунун жыйынтыгына ылайык, өлкө боюнча жакырчылыктын деңгээли 2021-жылы 33,3%ды түзгөн. 2020-жылга салыштырмалуу жакырчылыктын деңгээли 8%га өскөн.

2021-жылы 2 млн 244 миң адам жакырчылыктын чегинде жашаган, алардын ичинен 62,7%ы — айыл тургундары. Муну менен бирге 17 жашка чейинки балдардын 40,5%ы же 1 млн 72 миң бала кедейчилик шартында жашаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эмгек министрлиги: Бишкекке аз камсыз үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн 35 млн сом бөлүндү