Камила Абдыл-Хамитова ислам шериктештиги оюндарында коло медаль тагынды

Спорттун фехтование түрү боюнча спортчу Камила Абдыл-Хамитова Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында коло медаль утту. Бул тууралуу мелдештин сайтында айтылат.

Маалым болгондой, ал жекелик эсепте ойногон. Бирок Абдыл-Хамитова Өзбекстандык спортчу Шахзода Эгамбердиевага утулуп калып, бирок коло медаль үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Буга чейин спорттун бул түрү боюнча эркектер арасында кыргызстандык Роман Петров алтын медаль тагынган.

Кыргызстан турнирге катышып жаткан өлкөлөрдүн арасынан командалык эсепте 9-орунга чыкты. Республиканын эсебинде 28 медаль бар.

Ислам шериктештиги оюндарынын расмий ачылышы 9-августта Түркиянын Конья шаарында өткөн. Мелдештин ачылышына Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышкан.

Оюндун ачылышында Кыргызстандын желегин балбан Атабек Азизов жана жеңил атлетчи Айнуска Калил кызы көтөрүп чыккан.

Чемпионат өзү 10-августтан башталган жана 18-августка чейин созулат. Ага дүйнөнүн 56 өлкөсүнөн төрт миңге жакын спортчу катышууда. Оюнда спорттун 20 түрү боюнча 483 комплект медаль ойнотулуп жатат. Мелдешке 25 кыргыз спортчусу катышууда.

Ислам шериктештиги оюндары

Ислам шериктештик оюндары — Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн арасында Ислам спорттук шериктештик уюму (ISSF) тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү дисциплиналар аралык спорттук мелдеш.

Оюндар ислам өлкөлөрүндөгү спортчулардын өнүгүүсүн колдоо, спортчулар арасында шериктештикти жана бир туугандыкты жогорулатуу үчүн өткөрүлөт. Мелдешке уюмга мүчө болгон мусулман эмес өлкөлөрдүн да спортчулары катышса болот.

Ислам шериктештик оюндары биринчи жолу Сауд Арабиясынын Жидда шаарында, 2005-жылы өткөрүлгөн. Конья шаарында өтүп жаткан оюн эсеп боюнча бешинчи оюн.

Материалдын автору: Кайрат Бердишалиев.

Дагы окуңуз:

Ислам шериктештиги оюндары: Кыргыз балбандары беш медаль утушту

Ислам шериктештиги оюндары: Тыныбекова менен Акматалиев алтын медаль утушту

Бир кадр менен: Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүлөрү келди

Ислам шериктештиги оюндары: Денис Петрашов алтын медаль тагынды