Блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыкты

Батмакан Жолболдуева

Баткендеги блогер Батмакан Жолболдуева 18-августта үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Клоопко» анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Баткен райондук соту кабыл алган. Кийинки отурум 8-сентябрга белгиленди.

Жолболдуеванын иши

«Батма-Бат» Ютуб каналынын башчысы Батмакан Жолболдуева 28-мартта журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган. Алгач ага карата «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Андан кийин ага «Бейбаштык», «Документтерди жасалмалоо», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренелери менен да кылмыш иштери козголгону белгилүү болгон. Анын жактоочусу козголгон иштер негизсиз экенин айтып, муну блогердин ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

21-апрелде Ош шаардык соту Жолболдуеванын бөгөт чарасын карап, аны 26-майга чейин камакта калтырган.

Жолболдуева өзү ага тагылган айыптарды мойнуна албасын айткан. Ошондой эле журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө «күнөөлүүмүн деп эсептебейм» деп билдирген.

Ал эми анын адвокаты тергөөдө блогердин журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө тиешеси «аныкталбаганын» айткан.

«АКИпресс» басылмасынын Баткен облусундагы өкүлү Арзыгүл Галымбетова 26-мартка караган түнү каза болгон. Жакындарынын айтымында, журналист кечинде өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилген. Андан соң жүрөгү токтоп калган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Блогер Батмакан Жолболдуевага козголгон төрт кылмыш ишинин чоо-жайы

«Күнөөм жок». Батмакан Жолболдуева 26-майга чейин камакта калтырылды

Ош облустук соту блогер Батмакан Жолболдуеваны камакта калтырды