Ислам шериктештиги оюндары: Кыргызстандык кик-боксчу Аброр Хакимов коло, Адилет Улан уулу күмүш байге утушту

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында спорттун кик-бокс түрү боюнча Аброр Хакимов коло, Адилет Улан уулу күмүш байге утту.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, Адилет Улан уулу кик-бокстун «лоу-кик» түрүнөн 60 килограмм салмакта күч сынашып, күмүш байгени багындырды.

Ал биринчи кармашта азербайжандык спортчуну жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда иорданиялык мушкерди уткан. Ал эми финалдык беттеште түркиялык спортчуга жеңилип, 2-орунду алды.

Ал эми кик-бокстун ушул эле түрү боюнча 71 киллограмм салмакта күч сынашкан Аброр Хакимов коло байге утту. Хакимов алгач казакстандык спортчуну кийин түркмөнстандык мушкерди утуп, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда болсо түркиялык Аслан Айдинге жеңилип, 3-орунду ээледи.

Кыргызстан турнирге катышып жаткан өлкөлөрдүн арасынан командалык эсепте 9-орунга чыкты.

Чемпионат өзү 10-августта башталып, 18-августка чейин созулат. Ага дүйнөнүн 56 өлкөсүнөн төрт миңге жакын спортчу катышууда. Оюнда спорттун 20 түрү боюнча 483 комплект медаль ойнотулуп жатат. Мелдешке 25 кыргыз спортчусу катышууда.

Тема боюнча:

Ислам шериктештиги оюндары: Кыргыз балбандары беш медаль утушту

Ислам шериктештиги оюндары: Тыныбекова менен Акматалиев алтын медаль утушту

Бир кадр менен: Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүлөрү келди

Ислам шериктештиги оюндары: Денис Петрашов алтын медаль тагынды