Нурзат Нуртаева жаштар арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Нурзат Нуртаева 20 жашка чейинки спортчулар арасында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында (U-20) күмүш медальга ээ болду. Бул тууралуу United World Wrestling’дин расмий сайтында айтылат.

17-августта кыргыз спортчусу беттештин 8/1 финатында аттанып, 68 киллограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашты.

Биринчи беттеш менен чейрек финалда Нуртаева молдовалык жана италиялык спортчуларды жеңген.

Жарым финалда германиялык спортчу менен беттешип, атаандашын 6:3 эсебинде жеңген.

Бирок финалдык беттеште спортчу жапониялык атаандашынан жеңилип, күмүш медалды багынтты. Ошентип, Нуртаева 20 жашка чейинки спортчулар арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль уткан үчүнчү кыргызстандык спортчу болду. Буга чейин аталган чемпионатта 2019-жылы Мээрим Жуманазаров, 2021-жылы Калмира Билимбек кызы күмүш байге алып келишкен.

20 жашка чейинки спортчулар арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатына (U-20) катышып жаткан Кыргызстандын кыздар курама командасы:

  • Арууке Кадырбек кызы – 53 кг чейин;
  • Сезим Жуманазарова – 57 кг чейин;
  • Бермет Нурдин кызы – 62 кг чейин;
  • Дилназ Сазанова – 65 кг чейин;
  • Нурзат Нуртаева – 68 кг чейин.

Жуманазарова жана Кадырбек кызы биринчи жана чейрек беттештерде жеңилип, мелдештен чыгышкан.

Ал эми коло медаль үчүн күч сынашып жаткан Нурдин кызы менен Сазанованын жыйынтыктары бүгүн белгилүү болот.

20 жашка чейинки спортчулар арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты (U-20) Болгариянын София шаарында өтүп жатат. Ал 15-августта башталган, 21-авгутта аяктайт. Мелдешке 15 өлкөдөн келген 600дөн ашык спортчу катышууда.

Материалдын автору: Кайрат Бердишалиев.

Читать еще: Ислам шериктештиги оюндары: Кыргызстандык кик-боксчу Аброр Хакимов коло, Адилет Улан уулу күмүш байге утушту

Камила Абдыл-Хамитова ислам шериктештиги оюндарында коло медаль тагынды