Атыр Абдрахматова Орусияда акыйкатчынын өкүлчүлүгүн ачууну сунуштады

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Орусияда Акыйкатчы аппаратынын өкүлчүлүгүн ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал Уяльяновск облусундагы 16 адамдын, анын ичинде 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган ири жол кырсыгына комментарий берип жатып Фейсбук барагында жазды.

Анын айтымында, акыркы айларда элчиликтерге, консулдарга, өкүлчүлүктөгү кызматкерлерге, өзгөчө Орусиядагы элчиликтин ишине даттануу көп болууда.

«Бардык мамлекеттик органдар сыртта жүргөн жарандарыбыз менен иштешүүнү күчөтүшү керек», — деп белгиледи акыйкатчы.

Абдрахматова өкүлчүлүктөрдү кыргызстандыктардын санына жараша башка өлкөлөрдө да ачуу зарыл дейт «Клоопко». Анын пикиринде, өкүлчүлү биринчи кезекте Орусияда ачылышы керек.

Соңку расмий маалыматтарга ылайык, жалпысынан 1 млн 118 миң кыргызстандык чет жерде эмгек миграциясында жүрөт. Алардын бир миллионго жакыны Орусияда иштейт.

Ульяновск облусундагы жол-транспорт кырсыгы

Авария 21-август күнү Николаевск районунун Прасковьино жана Новопасское айылдарынын ортосунда, «Урал» чоң жолунда катталган. Жалпы 16 киши каза болгон — алардын 14ү кыргыз жараны. Үч кыргыз жараны ооруканага жаткырылган. Ульяновск облусунун полициясы алардын акыбалы оор экенин айткан.

Полициянын маалыматына ылайык, оор жүк ташуучу унаанын биринин айдоочусу машинаны керектүү убакта токтотпой оңдолуп жаткан жолдун реверсивдик тилкесинде кезегин күтүп турган кичи автобусту барып сүзгөн. Натыйжада кичи автобус эки оор жүк ташуучу унаанын ортосунда кыпчылып калган.

Кыргызстандын элчилиги каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындары үчүн ыкчам байланыш номерлерин ишке киргизди: +7 926 861 50 98, +996 551 312-000. Ошондой эле +996 508 628-588, +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp) номерлери иштеп жатат.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров каза тапкан мекендештердин сөөгүн алып келүү үчүн ТИМ, ӨКМ жана «Манас» аэропортуна атайын борт уюштуруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.