Ысык-Көлдөн браконьерлерге таандык жалпы узундугу 2 миң метр тор чыгарылды

20-августта Ысык-Көлдө мыйзамсыз орнотулган браконьердик торлорду тазалоо иштери жүргүзүлдү. Көлдү тазалоого милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тийиштүү органдар катышты.

Ысык-Көлдүн акваториясындагы жандыктарды жана өсүмдүктөрдү коргоо максатында өткөрүлгөн рейдде жалпы 2 миң метр узундуктагы 20 даана синтетикалык тор табылып, жеринде жок кылынган.

«Мындан ары браконьердикке каршы рейддер байма-бай жүргүзүлүп турарын эскертебиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Рейддин жүрүшүндө Ысык-Көлдүн бардык акваториясында, жээктен 30-35 чакырым алыстыкта жана 25-30 метрге чейинки тереңдикте жайгашкан браконьерлердин торлору тазаланат. Баасы арзан болгондуктан браконьерлер балык кармагандан кийин балык уулоочу торду чыгарбай кетишет.

Көлдөгү браконьерлер жана президенттин эскертүүсү

Ысык-Көл облусунун милициясы жыл башынан бери экологиялык коопсуздук багытында 100 кылмыштын бети ачылганын билдирген. Аныкталган фактылар боюнча 64 кылмыш иши козголуп, анын 16сы боюнча тергөө бүтүп, сотко өткөн. Жалпы материалдык зыян 2 млн 970 миң 522 сомду түзгөн.

Рейд учурунда Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 27 500 метрлик 275 браконьердик торлор тазаланып, мыйзамсыз балык уулаганы үчүн 25 браконьер кармалган.

Ал эми 19-августта президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов баштаган жетекчилерге президенттин «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыкты ишке ашыруудагы кемчиликтер үчүн эскертүү берилген.

Аталган жарлыкка президент Садыр Жапаров ушул жылы 27-апрелде кол койгон. Документке ылайык, эмдиги жылдан тартып пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюу салынат.